Лейлек жана Баткен райондорунун балдары жана мугалим айымдары үчүн жайкы реабилитациялоо лагери

May 27, 2021, 11:26

2021-жылдын 27-майынан 6-июнуна чейин Ысык-Көлдө «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана «Жетиген» эл аралык лагери ушул жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган 70 бала жана 20 мугалим айым үчүн 10 күндүк күндүзгү сменаны өткөрөт. 9 жаштан 17 жашка чейинки курактагы балдар Ысык-Көлдө «Ветер перемен» эксклюзивдик сменасында эс ала алат.

Иш-чаранын максаты – жаңжалдын жүрүшүндө жабыркаган чек арага жакын райондордогу балдарга жана мугалим айымдарга арт-терапия жана психологиялык консультациялар аркылуу психологиялык колдоо көрсөтүү.

«Ветер перемен» сменасы – бул биринчи кезекте жагымдуу чөйрөнү түзүү, ал жерде балдар кесипкөй психологиялык жана психотерапевтикалык жардамды ала алат. Балдар үчүн тематикалык иш-чаралар, спорттук, пляждык активдүүлүк, квест-оюндар, кыргыз улуттук оюндары, чыгармачылык студияларындагы сабактар: медиа, вокал, бий, живопись жана скульптура, кулинардык мастер-класстар, компьютердик сабаттуулук боюнча кыскача курс, англис тилиндеги өнүктүрүүчү оюндар уюштурулат.

Программанын негизги максаты – бул балдардын толук эс алуусун камсыз кылуучу ыңгайлуу шарттарды түзүү, ден соолукту чыңдоо, чыгармачыл жана интеллектуалдык өнүктүрүү.

Куралдуу жаңжалды башынан өткөргөн балдар жана чоң кишилер психологиялык эстен танууга кабылып жатат, ал травмадан кийинки синдром түрүндө узак мөөнөткө чейин кесепетин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан квалификациялуу жардам коркууну, эстен танууну, жинденүүнү жеңүүгө жардам берет.

Мугалимдер үчүн программа стрессти жана мүмкүн болгон травмадан кийинки синдромду (ПТРС) башынан өткөргөн балдарга психологиялык жардамды гана эмес, ошондой эле алар менен иштөө методдоруна окутууну болжолдойт.

Ошондой эле балдар менен мугалимдер жергиликтүү ажайып жерлерге – петроглифтер бар жерлерге жана музейлерге барат деп күтүлүүдө. Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борбору лагердин катышуучулары үчүн акысыз экскурсияны уюштурат. «Асман» долбоорунун ТВ командасы Кыргыз Республикасынын белгилүү аткаруучуларынын катышуусу менен гала концерт өткөрөт.

Кайдыгер эмес адамдардын колдоосунун аркасында ар бир баланы жеке гигиена буюмдары, эс алуу үчүн зарыл кийим жана бут кийим комплекти менен камсыз кылуу уюштурулду.

Иш-чара «Ядран» компаниялар тобунун (Татарстан) жана Кыргызстандагы «БУУ-Айымдар» түзүмүнүн колдоосу менен өтөт.