Улуу Жеңиш майрамыңар менен!

May 8, 2021, 08:22

9-май. Адамзаттын тарыхында эң коркунучтуу согуш аяктап, дүйнө жүзүндө тынчтык орногон күн. Бул күнү бардык куралдардын үнү басылып, согуштук самолеттордун кыймылдаткычтары токтоп, андан кийин аялдар ыйлабай, кара кагаздар келбей калган.


Бирок биз аны эч качан унутууга тийиш эмеспиз. Биз бул күндү адамзаттын аман калуусунун күнү катары эсте тутууга тийишпиз.


Жеңиш күнү – бул өз Мекенин коргогон адамдардын баатырдыгынын, эрдигинин жана каармандыгынын символу. Бул – ата-бабаларыбыздын даңкын арттыруу үчүн, согушу жок дүйнө үчүн тайманбастан күрөшүүгө чакырык!

 

Улуу Жеңиш Күнү менен жан дилибизден куттуктоолорубузду кабыл алыңыздар!


Сиздерде жана Сиздердин үй-бүлөңүздөргө согушту эч качан билбөөнү, тынчтыкта жашоону, бакты-таалайды жана бакубатчылыкты каалайбыз.


Өткөндүн сабактары унутулуп калууга тийиш эмес, бүгүнкү күндө биз жашап жана кыялданып, окуп жана иштеп жатабыз, андыктан баалуу жана назик тынчтыкты дайыма сактоого тийишпиз!


«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын
уюштуруучусу жана жамааты