«Бөбөк ыры» сынагы бүгүн-эртең жыйынтыкталат

November 5, 2013, 06:00

Бөбөктөргө арналган ырлардын республикалык кароо-сынагынын жыйынтыгы 5-6-ноябрда чыгарылат. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эларалык коомдук фондунан билдиришкендей, жарым жыл аралыгында балдарга арналган 50дөн ашуун чыгарма каралды. Жыйынтыктоочу туру эртең, 5-ноябрда каралат. Анын ичинен тандалып алынган мыкты чыгармалар 6-ноябрь күнү А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера-балет театрындагы Гала-концертте жарыяланат.

 

Иш-чарага жети дубандан бардыгы болуп 100дөн ашык акын-композиторлор, кенже курактагы аткаруучу бөбөктөр, балдар ансамблдери, бала бакча ийримдери чогулат. Сынакты «Роза Отунбаеванын демилгеси» эларалык коомдук фонду, Билим берүү жана илим министирлиги, Маданият, туризм жана маалымат министирлиги жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип өткөрүүдө.