Флешмоб «Мигрант айымдардын өнүгүүгө кошкон салымы»

December 3, 2020, 21:57

Азыркы учурда Кыргызстандан кеткен 400 миңден ашык кыз-келиндер чет өлкөлөрдө иштеп жана окуп жатат. Алар өлкөнүн экономикасына, анын интеллектуалдык жана маданий өнүгүшүнө кыйла салым кошууда. 18-декабрда дүйнө жүзү Мигранттын эл аралык күнүн белгилейт. Өлкөнүн, үй-бүлөнүн өнүгүшүндө жана тынчтыкты жаратууда мигрант айымдардын ролун жана салымын чагылдыруу максатында биз бул датага карата «Мигрант айымдардын өнүгүүгө кошкон салымы» деген флешмобду туш келтирдик. Биздин мигрант айымдарыбыз барган өлкөсүндө ийгиликтүү интеграцияланып, зор ийгиликтерге жетишип жана алардын ийгиликтүүлүгү Кыргызстандын кадыр-баркын аныктоодо. 


Жашоонун ар түрдүү чөйрөлөрүндө жардам берип жаткан мигрант айымдардын таржымалдары «Мигрант аял-өнүгүү түркүгү»  баракчасында күн сайын жарыяланып турмакчы. 


Биз силердин ар бириңерге кайрылабыз – флешмобго кошулгула, биздин мигрант айымдарыбызды колдогула! Бул үчүн #мигрантайымдынсалымы хештегин койгула жана биздин таржымалдарыбыздын каармандары жөнүндө маалыматтарды бөлүшкүлө жана силер тааныган башка мигрант айымдар жөнүндө жазгыла.


COVID-19га жооп иретинде көрүлүп жаткан айрым чаралар мигранттардын абалын кыйындатты. Мигранттардын укуктарын коргоо боюнча күч-аракеттерге COVID-19 тоскоолдук кылышына жол берүүгө болбойт.


COVID-19 пандемиясынын учурунда биздин мигранттарыбыз дүйнөнүн булуң бурчунан дары-дармек каражаттарын жана медициналык жабдууларды берүүдө Кыргызстанга эбегейсиз зор жардам көрсөттү.