Роза Отунбаеванын демилгеси Эл аралык фонду Жалал-Абадда Билим кербенин ачты

October 30, 2013, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду “Билим кербени” алкагында Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында бүгүн, 30-октябрда болду.


Аталган фондунун мүчөлөрү жеке менчик “Золотой улей” жана №3 “Келечек” мамлекеттик балдар бакчасын кыдырып, абалдары менен таанышып чыкты. “Золотой улей” балдар бакчасынын жетекчиси Раткан Жайлообаеванын айтымында, бала бакчанын ачылганына 1,5 жыл болгон. “Жылдыздар жомок окушат” акциясынын алкагында жаңыдан уйкудан ойгонгон балдарга “Мектеп-Школа” журналынын башкы редактору Миргүл Эсенгулова Гуля Чернованын “Батон, Бидон, Отунчу, Булакчы” деген жомогун окуп берүү менен Жалал-Абаддагы “Билим кербенин” ачты.


Автор: Жылдыз Жускембаева