Миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү

October 31, 2020, 17:09

ЮНИСЕФтин «Кыздар илимде» долбоорунун алкагында 28-октябрда «Кыздардын күчү илимде» дискуссиясы болуп өттү.

 

Кыргызстандын кыздары онлайн форматта аялдар – илим, технология, инженерия жана математика (STEM) чөйрөсүндөгү көрүнүктүү айымдар менен жолугушту.

 

Иш-чаранын максаты – илим жана лидерлик жагынан кыздардын умтулууларын талкуулоо, ошондой эле STEM чөйрөсүндөгү келечектеги мансаптык мүмкүнчүлүктөр.

 

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник өзүнүн саламдашуу сөзүндө бул жолугушуунун өзгөчөлүгүн белгиледи: «Бүгүн биз бул жерге кыздарды шыктандыруу, алардын илимге, лидерликке умтулуусун чыңдоо, ошондой эле келечектеги мансаптык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн чогулдук. Билим берүү, ошондой эле гендердик теңчилик 2030-жылга чейинки мезгилде Омоктуу өнүктүрүү максаттарынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.»

 

Ошондой эле Юлия Олейник 11-октябрда Эл аралык кыздар күнү белгиленет жана бул дата кыздардын чексиз мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө бардыгы үчүн эске салуу болуп калууга тийиш деп белгиледи.

 

Иш-чаранын катышуучулары төмөнкүдөй ардактуу спикер айымдардын сүйлөгөн сөздөрүн угуу мүмкүнчүлүгүн алды:

 

Доктор Асель Сартбаева, дүйнөгө белгилүү илимпоз, Улуу Британиянын Королдук Илимий Коомунун мүчөсү, Бата Университетинин илимий кызматкери,

 

Айзада Акбекова, программалык камсыз кылууну өндүрүүчү немецтик көп улуттук корпорациянын экономист - программисти,

 

Чолпон Абдыжапарова – Facebook’тун инженери.

 

Кыргызстандын кыздары үчүн ролдук модель менен чыккан иш-чаранын спикер айымдары СТЕМдик кесиптин артыкчылыктары жөнүндө айтып берди жана аларды илимге жана инженерияга алып келген өз таржымалдарын бөлүштү, алардын тандоолорун аныктады.

 


Доктор Асель Сартабева катышуучуларга өзүнүн иши жөнүндө, вакциналарды муздаткычсыз сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө жана үй-бүлөдө кыздарды колдоо канчалык маанилүү экендиги жөнүндө айтып берди: «Апам мени дайыма өзүнө ишенүүгө жана ишенимди жоготпоого чакырган. Мен КРСУнун экинчи курсунда кезде материалдардын каршылыгы боюнча олимпиадага катыштым жана биринчи орунду ээледим. Анан мага сен, биринчиден, материалдардын каршылыгы боюнча олимпиадага катышкан, анын үстүнө биринчи орунду ээлеген биринчи айым болдуң деп айтышты. Албетте, сен бир нерселерди көчүрүп алсаң керек деп айткан адамдар да болду. Бул менин намысыма тийди жана кийинки жылы ийгиликке мен өзүм жетишкенимди бардыгына далилдөө үчүн мен дагы бир жолу барып, кайрадан биринчи орунду ээледим.»

  

 

Программалык камсыз кылууну өндүрүүчү немецтик көп улуттук корпорациянын экономист - программисти Айзада Акбекова катышуучулардын алдында «Айылдан келген кыз IT’де кантип ийгиликке жетишти» деген темада сөз сүйлөдү жана ийгиликке жетишүүдөгү өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү:

 

«Ийгилик мектеп партасынан башталат. Математика, физика, орус тили же эне тил, бардык ушул сабактар силердин келечектеги ийгилигиңердин негизин түзөт. Андыктан мектеп курагынан тартип эле алдыга чоң максаттарды кое билүү керек», - дейт Айзада Акбекова, ал ошондой эле балдарды жүйөлөштүрүүдө жана алардын тандоосун колдой билүүдө ата-эненин маанилүү ролун белгиледи.

 


Facebook’тун инженери Чолпон Абдыжапарова ага дүйнөнүн ири компанияларынын бириндеги ишти алууга мүмкүнчүлүк берген өзүнүн таржымалын бөлүштү:

 

«Мен көздөгөн максатымды эки жыл издедим, адегенде медиктин, андан кийин финансисттин окуусун окудум, андан соң «бизнести башкаруу» багыты боюнча окудум, анан мен «индустриялык инженерияга» өтүүнү чечтим. 


Дал биротоло чечим кабыл алаар алдындагы күнү биз атам экөөбүз Роза Отунбаеванын телевизорго чыгып сүйлөгөнүн көрүп калдык – ал келечек IT-адистерде, Кыргызстанда IT-адистер, программисттер жетишпейт деп айтты. Мен анын сөздөрүнө кулак түрүп калдым, анан мага дайыма «Сенин колуңан баары келет!» деп айтып жүргөн атамдын колдоосу менен, жыйынтыгында компьютердик илим бөлүмүн тандадым жана программист болуп калдым».

 

 

Дискуссиянын катышуучулары өз пикирлерин бөлүштү жана дал ушул иш-чара аларга келечектеги кесипти тандоого жардам берди деп белгиледи. Таалайбекова Уулай мурда күмөн болуп жүргөм, бирок бардык спикер айымдарды уккандан кийин айтишник болууну бекем чечтим деди.

 

Асанова Нурайым кыздар үчүн башкысы – турмушка чыгуу экенин айланадагылардын көп жолу укканын айтты. Бүгүн сессиядан кийин ал айланадагыларга алардын айткандары туура эмес жана окугум келет деп ишенет.

 

Саламат Каныбекова сессия үчүн ыраазычылык билдирди жана алынган кеңештерден эбегейсиз зор канааттанууну алдым, анткени март айынан тартып онлайн окутууда болдум жана окууга жүйөө ушунчалык жетишпей жатат деп белгиледи.

 

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө «Илимдеги кыздар» клубу презентацияланды, аны АУЦАнын колледжинин студент кыздарынын өздөрү илим жагынан кыздарга карата эскичилдиктен арылуу максатында уюштурган. Кыздар арасында СТЕМди даңазалоо пландары жөнүндө Саниет Джекшенкулова айтып берди.

 

Иш-чаранын жыйынтыктары боюнча Асель Сартбаева «Илимдеги кыздар» клубун колдоого жана алардын ментору болууга даяр экенин билдирди.