Кыздар үчүн сүрөттүү китеп чыкты

November 6, 2020, 17:05

Кыргызстанда “Кыз китеп” жарык көрдү. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан басылып чыккан китеп сегиз жаштан 18 жашка чейинки кыздарга арналган. Китепте кыздардын гигиенасы, спорт менен машыгуусу, жүрүм-туруму боюнча суроолорго жооптор камтылды.