Жаңы окуу жылына карата "Мектепке даярдык" китеби эми аудио форматта чыкты

August 29, 2020, 00:15

Жаңы окуу жылына карата “Роза Отунбаевнын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан чыгарылган “Биз мектепке барабыз” аттуу түрмөгүнүн алкагында окуучулар жана ата-энелер үчүн “Мектепке даярдык” аудиокитеби жарык көрдү.


Бул китеп мектепке бара турган балдарды психологиялык жактан даярдоого багытталган. Китепте ар дайым ата-энесинин гана айланасында жүргөн балдардын биринчи өз алдынча мектепке баруу кадамы, өзүнүн кыймыл-аракети үчүн жоопкерчиликти жана коомдо өзүн алып жүрүүнүн алгачкы билгичтиктерин жана көндүмдөрүн калыптандыруу жөнүндө жөнөкөй тил менен жеткиликтүү маалыматтар берилет.


Автору: Догдургүл Кендирбаева

Окуган: Асылбек Өзүбеков


Аудиокитеп үч бөлүктөн турат. Ар бир бөлүк 10 мүнөткө созулат.

“Мектепке даярдык” китебин ушул шилтеме аркылуу өтүп уксаңыз болот >>>