“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Пеледен Мурзаевге чейин китеби чыкты

October 1, 2020, 11:16

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан  “Пеледен Мурзаевге чейин китеби чыкты.


Футбол дүйнөсүнө саякат” китеби балдарга да чоңдорго да кызыктуу болот. Анда футболдун тарыхы жана эрежелери, мурдагы жана азыркы мыкты оюнчулар, атактуу машыктыруучулар, даңазалуу командалар менен стадиондор жөнүндө сөз болот. Соңку жылдарда ыкчам өнүгө баштаган кыргыз футболуна өзгөчө орун берилет.


Азыр биздин өлкөдө футболду балдар да, чоңдор да ойнойт. Футбол жүз миңдеген адамдардын ден соолугун чыңдайт, мүнөзүн калыптандырат, жаңы ийгиликтерге шыткандырат, спортчулардын мээнеткечтигин жана бийик максатка талыкпай умтулуусун даңазалайт,элдин биримдигин,ынтымагын бекемдейт.


Бул китепти чыгаруу идеясы “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөүсү, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага таандык. Китепти басып чыгарууга Аскар Салымбековдун фонду жана Кыргыз футбол союзу көмөк көрсөттү.


Китептин автору - белгилүү спорт журналисти Иван Марченко.

Китепти Фонддон сатып алуу мүмкүн. Китеп баасы 132 сом


Маалымат үчүн 0555004240