Кутман курак кут болсун, Роза Исаковна!

August 23, 2020, 09:52

Урматтуу Роза Исаковна!


 

Бүгүн сизди  мааракеңиз менен куттуктап жатып,  өлкөбүздүн  өнүгүүсүн бир топ жемиштүү кыла алган  тагдыр чечээрлик чечимдерди кабыл  алганыңыз үчүн сизге абдан чоң ыраазылык  билдиребиз.


 

Сиз  сиңирген эмгеги эл аралык бийик баалоого татыктуу болгон Кыргызстандын жарк эткен, билимдүү, таланттуу жана  масштабдуу ой жүгүрткөн көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин  плеядасына таандыксыз.


 

Сиздин саясий  карьера жана коомдук ишмердик  - максатка умтулуунун жана  өз өлкөсүнө берилгендиктин даана  үлгүсү болуп саналат.


 

СССРдин  ТИМ коллегиясынын мүчөлүгүнөн тартып  КМШ өлкөлөрү ичинде алгачкы айым Президент болуу даражасына жеткен жолду басып өттүңүз. Эгемендүү Кыргызстанды авторитардык түзүлүштөн парламенттик демократиялык түзүлүшкө  өтүү мезгилиндеги татаал учурда башкарып,  Борбор-азия чөлкөмүндө биринчи ирет мамлекеттик бийликти тынчтык жол менен өткөрүп бердиңиз. 


 

Сиз чоң саясаттан кетүү менен өз өлкөсүнүн, элинин  чыныгы патриоту мамлекеттик чинсиз, кызмат орунсуз эле  жарандык активдүү позицияда боло алаарынын  үлгүсүн  көрсөттүңүз. Ушул жылдары коомдун жана өсүп келаткан муундун өнүгүүсүнө өбөлгө болгон  инновациялык идеяларды жана ыкмаларды тынбай жигердүү жүзөгө ашырып келе жатасыз.


 

Сегиз жылдан ашуун мезгилден бери сиздин  бир топ демилгелериңиз: өлкөнүн эң алыскы аймактарындагы кичинекей кыргызстандыктардын  мектепке чейинки билим алуусуна жана өнүгүүсүнө арналган Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун түзүү; кыздарга  билим берип, көндүмдөрдү үйрөтүп, аларга  илим жана технология жолун тандоодо жардам берген STEM программасы; тематикалык билим берүү Фестивалдары; балдар жана чоңдор үчүн китептерди даярдап, басып чыгаруу; ондогон мектептерди жана бала бакчаларды  жашылдандырган Эко-долбоор; өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн чет өлкөдөгү абдан ийгиликтүү кыргызстандыктардын башын кошкон «Мекендештер Форуму»; ондогон башка долбоорлор жана демилгелер ишке ашты.  Бул иштердин баары  ар бир бала жана чоң адам  жөнүндө кам көрүү, күчтүү жана өнүккөн өлкө жөнүндө кыялдануу менен аткарылып келет.


 

Сиз  акылгөйлүгүңүз жана жигердүү жарандык позицияңыз менен  Кыргызстан  элинин жакшы жашоосу үчүн  бар күчүңүздү, кенен билимиңизди, бай турмуштук жана кесиптик тажырыйбаңызды  аябай эмгектенип, ойлогон пландарыңызды билгичтик менен ишке ашырып  жатасыз.  

 

Урматтуу  Роза Исаковна!

 

Негиздөөчүсү өзүңүз болгон “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун жалпы жамааты сизди чын дилибизден куттуктайбыз! Сизге мындан ары да   жетишкендиктерди, коюлган максаттардын, жаңы идеялардын жана долбоорлордун  жүзөгө ашуусун, бардык жакшылыктарды, бекем ден соолукту, жеке турмушуңузда чоң бакытты  каалайбыз.


 

Биз сиз менен сыймыктанабыз, Роза Исаковна, ошондой эле  сиз биз менен сыймыктана ала тургандай иштейбиз.


 

Туулган күнүңүз менен,  Роза Исаковна!


Урматтоо менен 
“Роза Отунбаеванын демилгеси”
Эл аралык коомдук фондунун жамааты