Кыргыз Республикасынын экс Президенти Р.Отунбаеванын демилгеси

August 22, 2020, 13:56

Урматтуу Мекендештер, достор, коллегалар жана жакындарым!


Ар дайым даталуу күндөрдө мени  чын ниетиңер менен куттуктап, кымбат баалуу гүл белектерди берип келесиздер! Жакындап келе жаткан  23 августтагы  70 жылдык мааракеме байланыштуу кайрадан белектер жана айрыкча  гүлбелектер тартуулана баштайт. Мен ошол ар кандай баалуу белектерден жана гул белектерди алуудан  баш тартам. Белек алуу мезгили эмес.  Дүйнө жүзүндө, анын ичинде кыргыз элим дагы таажывирустан далай азаптарды көрдү, жоготуулар болду. Оору менен күрөшүүдө өмүрүн тобокелге салып дарыгерлер менен катарда миңдеген медсестралар иштешти. Мага бере турган гүл белектерди  ала турган акчаңыздарды 100 сом болсо дагы атайын эсепке которсоңуздар  ыраазылыгымды билдирип кабыл алам жана топтолгон акчаларды медайымдарга колдоо көрсөтүүгө жөнөтүү  ниетим  жана тилегим бар!


Сиздерге алдын ала ыраазылыгымды билдирем!


Роза Отунбаева

 

Маалымат үчүн:

Экс- ПРезидент Р.Отунбаева пандемия менен курөшүүгө  апрель айында дарыгерлерди колдоого 1 млн сомду, июль айында Бишкектеги  жаңы конуштагы   “Ынтымак”пандемия менен күрөшүү күндүзгү  борборуна 150.000 сом, Талас областтык ооруканасына 150.000 сом жана 1000 беткапты Нарын областына жөнөткөн.

Даталуу кундөрдө алган гүл белектерди ар дайым төрөтканалардагы энелерге жана ардагерлерге жөнөтүп келет!

 

Гүл белекке арналган акчаларды   0552252599  Элсомго салып  койсоңуз болот!


Сиздин куттуктооңуз эки дарекке, Роза Исаковнага жана медайымдарга  жетет!

Колдоо алган медсестралардын тизмеси боюнча маалымат беребиз.