Врачтар үчүн колдоочу "кислород"

July 21, 2020, 09:41

Мына, бир нече айдан бери бүткүл дүйнө жүзүндөгү врачтар жаңы коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүп келатат. Татаал жана кыйын мезгилде Кыргызстан калкы биригип жатат. Пандемиянын кысымына каршы бирге туруу үчүн биригип жатат. Чоң кишилер жана балдар, студенттер, волонтерлор, бардыгы бир жакадан – баш, бир жеңден кол чыгарып, ар бири колунан келишинче жардам берип жатат.

 

Врачтарыбызга, медайымдарыбызга жардам бере турган убакыт келип жети, анткени алар күрөштүн алдыңкы катарында туруп, катуу оорулуу пациенттердин өмүрүн сактап, өздөрү оору жугузуп алуу, ооруп калуу, дүйнө менен кош айтышуу тобокелдигин башынан өткөрүп жатат. Алар иш жүзүндө жылчыксыз коргоочу костюмду кийип, беттеринде бет каптардын терең издери пайда болууда. Врачтар болгон деми менен иштеп жатат.

 

Эсиңердеби, биз самолетко олтуруп жатканда, коркунуч пайда болгон учурда кантип туура аракеттенүү керектигин дайыма биздин эсибизге салышат. Кудай эле сактасын, эгерде бортто жылчык пайда болуп, кислороддук маска керек болсо, бардык энелик сезимдерге карабастан, адегенде – өзүңө, андан соң гана жаныңда олтурган балага кийгизүү керек. Азыр колдоочу «кислородду» биздин доктурларыбыз алышы өтө маанилүү. Азыр миңдеген адамдардын өмүрлөрү дал алардын колунда турат.

 

Биз өз күчүбүз менен, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусунун жана  кызматкерлеринин күчү менен көрсөтүлүп жаткан жардам да, тилекке каршы, жетишсиз экенин түшүнөбүз. Биз медиктерге жардам берибиз келет, ошондуктан биз өзүбүздүн бардык китептерибизди жапырт сатып өткөрүү жөнүндө жарыялайбыз жана андан алынган бардык каражаттарды «кызыл зонада» иштеп жаткан врачтарга жардам берүүгө жумшайбыз.

  

Биз баарыңыздарды кайдыгер калбоого чакырабыз!

 

Биздин китептерибизди сатуудан алынган бардык каражаттар эпидемиологиялык очоктордо иштеп жаткан медиктерди колдоого жумшалат.

 

Силер китеп сатып аласыңар, ал эми врачтар алиги колдоочу «кислородду» алат.


Жаккан китепти сайттан "Книги"  бөлүмүнөн тандоого болот.

 

Заказды WhatsApp +996 555 004 240   боюнча толтурууга болот.

 

Акыны реквизиттер боюнча накталай эмес эсептешүү менен төлөөгө болот.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ

“Бакай Банк” Банкы                            

БИК 124012       

э/эсеби 1242000371911981


же  Элсом   0555 214648


Баарыңарга жакшылык каалайбыз! Оорубагыла!

Өзүңөрдү жана өз жакындарыңарды сактагыла!