"Кыргызстаныбызды кыдырабыз" китебин аудио жана видео окуу
May 1, 2020, 21:56Кымбаттуу жаш достор, ата-энелер жана чоң апа, чоң аталар!
Урматтуу педагогдор!
Баарыбыз аргасыз үйдө отуруп калган карантин маалында биз “Кыргызстаныбызды кыдырабыз” (авт. А. Капалованын) китебинин каармандары Эркинай менен Бекжанга жана алардын ата-энесине кошулуп өлкөбүздүн 7 облусуна саякаттап, бул аймактар үчүн “визиттик карточка” болгон кызыктуу, көзгө урунарлык жактары, өзгөчөлүктөрү менен таанышууну чечтик. Бул иште бизге китепти окуп жана ар бир бөлүмдүн соңунда сынактарды жарыялаганга белгилүү жана таанымал инсандар жардам беришти.
КР Президенти 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланган.
Ошентип, ар бири 8-10 мүнөттөн турган, өлкөбүздүн кооз картасы түшүрүлгөн 9 роликти жасадык.
Бул китеп сиздин балаңыз үчүн Кыргызстандын биомаданий ар түрдүүлүгүнүн кооз дүйнөсүнө карай жетелеген алгачкы жол баштагыч болсун.
Күн сайын биздин өлкөнүн жаңы аймагы менен таанышабыз, кулактандырууларды байкаңыздар!!!
Орус тилиндеги роликтер даярдалып жатат, жакынкы арада көрө аласыздар!
"Кыргызстаныбызды кыдырабыз" китеби жөнүндө тоолук маалымат төмөнкү ссылкада
P.S. Жеринен барып тартып алууга мүмкүн болбогондуктан (карантин), кээ бир кадрлар тигил же бул аймакка байланбайт, иллюстративдик мүнөзгө ээ.
*
"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Саякатка даярдануу.
"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Баткен облусу
"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Ош облусу
"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Жалал-Абад облусу
"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Ысык-Көл облусу
"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Нарын облусу
"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Чуй облусу
"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Талас облусу
"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Бишкек