Экинчи жолку жыл сайын өткөрүлүүчү KG Street Fest «Бейпил өтмөк» фестивалы

September 15, 2013, 06:00

KG Street Fest «Бейпил өтмөк» көчө фестивалы - бул жашыл көчөлөрдү жана коопсуз жол эрежелерин сүйгөн эң активдүүлөр үчүн Бишкек шаарынын мэриясы, шаарды өнүктүрүү Агенттиги жана Бишкек шаарынын ИИББ ЖККБ менен биргеликте өткөрүлүүчү шаардык масштабдагы эбегейсиз чоң иш-чара.


22-сентабрь күнү Киев көчөсүдө Манас проспектинен Панфилов көчөсүнө чейин транспорт кыймылы токтотулат. Иш-чара Исанов көчөсүнөн Логвиненко көчөсүнө чейинки аянтта өткөрүлөт. Фестивалдын ар бир мейманы сынактардын, спорт мелдештеринин, вокалдык, музыкалык жана көркөм мастер класстарынын көрүүчүсү жана активдүү катышуучусу боло алышат, көчө театрларын, граффити сүрөтчүлөрүн көрүшүп, өзүлөрүнө аквагрим жасатуу менен, ошондой эле көргөзмө-жарманкеде сейилдеп жана шаардын көчөлөрүндө коопсуз жүрүү жөнүндө көптөгөн маалыматтарды ала алышат.


KG Street Fest «Бейпил өтмөк» 2012-жылы биринчи жолу Бишкек шаарында Эл аралык Япон агенттиги (JICA) жана JICAнын Изилдөө тобу менен биргеликте өткөрүлгөн. Фестивалга 15 миңдей шаардын жашоочулары жана коноктору келишкен. Иш-чара абдан ийгиликтүү өткөндүктөн, жыл сайын өткөрүү чечими кабыл алынган.


Иш-чаранын бүткүл аймагында көңүл ачуучу жана оюн-зоок аянттары гана болбостон, көргөзмөлөр, шоу-румдар, сатып түгөтүүлөр (арзандатуулар), тамактануу түйүндөрү дагы болот. Ушунун баары Кыргызстандын борбор шаарынын борбордук көчөсүндө ачык асмандын астында өткөрүлөт. KG Street Fest «Бейпил өтмөк» «Жашыл шаардын ыргагында кыймылда” урааны менен өткөрүлөт жана сергек жашоону пропагандалайт!


Иш-чаранын максаты жөө жүрүүчүлөрдүн укуктарын колдоо гана эмес, бүткүл Кыргызстандагы шаарлардын көчөлөрүндөгү коопсуз кыймылды алдыга илгерилетүү. Мындан тышкары көчө фестивалын уюштуруучулар экология маселелери болгон-жашыл шаар жана анын булгануу деңгээлин төмөндөтүү маселелерин көтөрөт.


Фестивалдын бүткүл аянты ар кандай иш-чаралар өтүүчү 5 интерактивдик аянтчага (кварталдар) бөлүнөт:

 

Роллерлер кварталы.


Бул кварталдын аянтында кимдин дөңгөлөктүү транспорту бар болсо, кеңири көңүл ачып, активдүү эс алуудан ырахат алууга болот. Роликтери, скейттери, самокаттары, велосипеддери жана балдардын коляскалары барлар үчүн.

 

Искусство кварталы (ART-квартал).


Бул жерге сүрөтчүлөр өзүлөрүнүн сүрөттөрүн коюшса болот, граффити стилинде сүрөт тартып, ошондой эле чоңдор жана балдар чоң ватмандарга боёктор менен сүрөттөрдү тартышса болот. Мольберттерде меймандар искусство чыгармаларын тартып үйлөрүнө алып кетишсе болот. Ошондой эле, бул жерде оригами искусствосу боюнча практика алууга же үйрөнүүгө болот. Мындан тышкары жабыштырып жасоо жана аппликация менен иштөөнү жакшы көргөндөр үчүн атайын столдор коюлат. Боди-арт боюнча адистер каалоочулардын беттерине зебра же иш-чаранын логотибин тартып беришет.

 

Музыка жана бий кварталы.

Бул жерде ар кандай курактагылар ар кандай багыттагы бийлерди сүйүүчүлөр чогулушат. Азыркы учурда уюштурчулардын тизмесинде 40 тан ашык вокалдык жана бий топтору, 20 дан ашык талантуу аткаруучулар бар. Алар өзүлөрүнүн билгендерин көрсөтүп жана иш-чаранын катышуучуларын бийге чакырмакчы. Мелдештин форматында дэнс-баттлдар өткөрүлөт.

Бул жерде музыканттар ар кандай багыттар боюнча тирүү үн менен музыкалык концерттерди уюштурушса болот: ар түрдүү элдердин фольклордук музыкасы, заманбап эстрада, романстар, рэп, хип-хоп, рок ж.б.

 

Жолдо жүрүүнүн жаш инспекторлор кварталы.


Бул кварталдын аянтында уюштуруучулар имараттары, жолдору, белги шамдары, транспорт жана бак-дарактары бар кичи-шаарча уюштурушат. Жаш меймандардын катышуусунда театрлардын актёрлору жана КЖКББ жаш инспекторлору оюн формасында меймандарга жолдо жүрүүнүн тартибин сактоого, шаардын көчөлөрүнөн жөө жүрүүчү жана айдоочу катары өтүүнүн тартибин үйрөтүшөт.

 

Жаш изилдөөчүлөр кварталы.


Илим, техника, экология. Бишкекте өзүлөрүнүн экспозицияларын көрсөтүүгө, жөө жүрүүчүлөр менен оюндарды уюштурууга, робот техникасын, адамдын дене түзүлүшүн, таштандыларды кайра иштеп чыгуу технологиясын, экологиялык ыкмаларды, экологиялык туризм боюнча көрсөтүүгө даяр 10го жакын уюмдар бар.

 

Уюштуруучулар бардык каалоочуларды акциянын бардык иш-чараларына активдүү катышууга жана жөө жүрүүчүлөрдүн жана айдоочулардын укуктарын, жолдо жүрүү коопсуздугунун тартиптерин жана көчөлөрдүн тазалыгын коргоо үчүн активдүү күрөшүүчү болууга чакырат.

 

KG Street Fest «Бейпил өтмөк» төмөнкү социалдык тармактарда:

http://www.facebook.com/hokoten.kg

https://twitter.com/HokotenKg

Намбадагы группа http://mir.namba.kg/personal.php?user=HokotenKG

Одноклассниктеги группа http://www.odnoklassniki.ru/group/51617259978839