Р.Отунбаеванын коомдук фонду Ысык-Көлдө «Билим кербенин» өткөрөт

August 20, 2013, 06:00

Ушул жылдын 20-21-август күндөрү Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, билим берүү бөлүмдөрүнүн, коомдоштуктардын өкүлдөрү, мугалимдер жана ата-энелер Балыкчы шаарында башталып, Каракол шаарында аяктоочу «Билим кербени» иш-чарасына катышат.

 

«Билим кербени» «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун КРдагы ЮНИСЕФ менен биргеликте болгон демилгелердин бири болуп саналат.

 

Фонддон билдиршкендей, керебендин алкагында эксперттер жана жолугушуунун катышуучулары, мектепке чейинки билим берүү маселелерин өз күчтөрү менен чечүүдө жергиликтүү коомдоштуктардын иш аракеттерин активдештирүү, сапаттуу билим берүү, мектепке чейинки ийкемдүү тарбия берүү, бала бакчаларды ачуу жана мектепке чейинки куракта окуунун маанилүүлүгү тууралуу суроолорду талкууламакчы.

 

20-августта жолугушуу Балыкчыдагы №2 мектепте, 21-августта Түп районунда Кайкин атындагы мектепте, ушул эле күнү Караколдо Ленин атындагы №1 мектепте өтөт.


Баракелде