II-чи «Кийиз Дүйнө» эл аралык фестивалына куш келиңиздер!

August 16, 2013, 06:00

Күнү: 2013-жыл 22-23-август


Өткөрүүчү жай: Кыргызстан, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кызыл-Туу айылы (боз үйчүлөрдүн айылы)


Кыргыздар башка элдерден бай маданий мурасы жана өзүнө гана тиешелүү каада-салты менен айырмаланат. Ата-бабаларыбыз илгертеден турмуштук түшүнүктөрүн, дүйнө таанымын билдирген элдик каада-салттарды, үрп-адат, ырым-жырымдарды жараткан. Кыз узатуу салты өзгөчө мааниге ээ болуп, ата-эненин, туугандардын милдетине айланган көп кырдуу ырым-жырым менен коштолуп, шаан-шөкөт менен өткөрүлөт. Алардын максаты эки жаштын келечеги үчүн кам көрүү, тукумунун уланышына шарт түзүү. Кыз узатуу салтында сөйкө салуу, чач өрүү, калың төлөө, кийит кийгизүү, жар көрүшүү, кыз оюн, той тамашалар өткөрүлөт. Кыздын жеңелери, энеси кошок кошуп кызы менен коштошушкан. Кызды узатууда кыз тарап башына шөкүлө кийгизип, жасалгалуу ат мингизип, себин кошуп берген. Андан кийин күйөө бала жоро-жолдоштору менен өзүнүн айылына кызды алып кетишкен.


2013-жылы 22-23-августа Ысык-Көл областынын, Тоң районунун, Кызыл-Туу айылында өткөрүлүүчү II-чи эл аралык «Кийиз Дүйнө» фестивалы «Кыз узатуу» салтына арналат. Фестивалда ушул салтка байланыштуу бардык салттар, ырым-жырымдар жасалат. Уюштурулуп жаткан иш-чаралар Кристенсен фондунун каржылоосунун негизинде биринчи жолу 2012-жылы 6-8 август айында «Көчүү» салты менен өткөрүлгөн. Анда улуттук оюндар, боз үй сынагы, кийиз буюмдарынын көргөзмөсү, ыр күүлөр менен коштолгон.


Кызыл-Туу айылы Кыргызстандын ичинде жана сырткы аймактарда боз үй жасаган усталардын айылы катары белгилүү. Азыр боз үй жасагандар айылдын эки үйүнүн бири десек жаңылбайбыз. 450 түтүн элде 102 үйчү бар. Боз үй сатып өткөрүү өлкөбүздүн ичинен сырткары, чет өлкөлөргө жүргүзүлүп жатат. Боз үйлөрдү жаратып жаткан адамдарыбыздын берекелүү мээнети жана чыгарган сандыргалуу эмгегинен улам Кызыл-Туу айылы “Боз үйчүлөрдүн айылы” болуп аталып келет.


II «Кийиз Дүйнө» фестивалында өткөрүлө турган маданий иш чаралар:

 

- айылдын ичинде “Көчө галереясы” ;

- “Айыл дүкөнү” жергиликтүү жашоочулардын жасаган буюмдары;

- театрлаштырылган “Кыз узатуу” аземи, салт-санаа жана ырымдар;

- мастер-класстар «Боз үй тигүү» коноктордун катышуусу менен;

- Сынак-көргөзмө «Ала-Кийиз 2013»;

- улуттук оюндар;

- концерттик программа;

- документалдык фильмдерди көрүү;

- улуттук тамак-аштар;

 

 

«Миң-Кыял» Коомдук фонду уюштуруп жаткан

II-чи «Кийиз Дүйнө» эл аралык фестивалына куш келиңиздер!

 

Баардык кызыккан суроолор боюнча Байланыш телефондору: 0312 439805

0543 143864

0771 458549

0553 236323

Электрондук дарек: kyiyzduino@gmail.com