Суу музейинде балдар үчүн жолугушуулар

June 20, 2017, 06:00

19-июнда Бишкек шаарынын мектептеринин алдындагы лагерлердин тарбиялануучуларыүчүн К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде жайгашкан «Суу музейиндеги жолугушуулар» башталат

 

Жолугушуунун алкагында суунун жана анын кайталангыс касиеттеринин, суу ресурстарына аяр мамиленин маанилүүлүгүнүн темасына презентациялар көрсөтүлөт, кайталангыс экспонаттар, жабдуулар жана интерактивдүү стенддерменен жабдылган музей боюнча экскурсиялар өткөрүлөт. Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучуларына курчап турган чөйрөгө аяр мамиле темасына социалдык роликтер көрсөтүлөт жана викториналар өткөрүлөт, анда эң активдүү угуучулар экологиялык темаларга кызыктуу китептерди алат.

 

«Суу музейиндеги жолугушууларды» «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында уюштурду.