«Биз сергек жашоо ыңгайын жактайбыз!» плакаттарынын шаардык конкурсун өткөрүү жөнүндө жобо

March 4, 2017, 06:00


«Биз сергек жашоо ыңгайын жактайбыз!»

 

плакаттарынын шаардык конкурсун өткөрүү жөнүндө

 

ЖОБО

 

 

 

 1. Жалпы жоболор

  

1.1. Бишкек шаарынын мектептеринин арасында «Биз сергек жашоо ыңгайын жактайбыз!» плакаттарынын конкурсу (мындан ары – Конкурс) жөнүндө жобо Конкурстун максаттарын жана милдеттерин, аны уюштуруу, өткөрүү, жыйынтыктарын чыгаруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо тартибин аныктайт.

 

1.2. Конкурс «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат.

 

2. Конкурстун максаттары жана милдеттери 

 

2.1. Конкурстун максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

 сергек жашоо ыңгайынын маселелеринде балдарда жана өспүрүмдөрдө жигердүү турмуштук позицияны калыптандыруу;

 жаштардын чөйрөсүндө сергек жашоо ыңгайынын тенденцияларын күчөтүү;

 сергек жашоо ыңгайын пропагандалоо маселесине өзүнүн мамилесин билдирүүгө, социалдык рекламаны өнүктүрүүгө өз салымын кошууга жаш муунга мүмкүнчүлүк түзүү;

 жеке ийгиликтин негизи катары сергек жашоо ыңгайынын артыкчылыктарына мектеп окуучуларынын көңүлүн көркөм-графикалык каражаттар менен тартуу, руханий жана денебой жөндөмдөрүн өнүктүрүү, позитивдүү эмоциялык-эстетикалык маанайды калыптандыруу, маданий деңгээлди жогорулатуу, жагымдуу социалдык чөйрөнү түзүү;

 мектеп окуучуларынын чыгармачыл жөндөмдөрүн табуу жана өнүктүрүү.

 

3. Конкурсту уюштуруучулар 

 

3.1. Конкурсту уюштуруучулар – «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы. 

 

4. Конкурстун катышуучулары 

 

4.1. Конкурска 11 жаштан 16 жашка чейинки мектеп окуучулары катыша алат.

4.2. Ар бир мектептен Конкурска 5тен ашпаган иш кабыл алынат.

4.3. Конкурстун катышуучулары конкурстук материалдарды белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттүү.

4.4. Алынган бардык материалдар кайра кайтарылбайт.

 

5. Конкурстун тематикасы 

 

5.1. Конкурс төмөнкүдөй темалар боюнча өткөрүлөт:

 спортту, туризмди, жаштардын жигердүү жана маданий жашоо ыңгайын жана маңыздуу эс алуусун пропагандалоо темасы «Дени сактын дили таза!», «Сергек жашоо ыңгайы – ийгиликке карай жол, Дени сак болуу – эң сонун!»

 жаш муундун сергек жашоо ыңгайына карата мамилесинин темасы «Биз ... жактайбыз»;

 мектептин сергек жашоо ыңгайына карата мамилесинин темасы.

 

6. Конкурстун калыстар тобу 

 

6.1. Катышуучулардын иштерине баа берүү максатында, Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн Конкурстун калыстар тобу (мындан ары – Калыстар тобу) түзүлөт.

 

6.2. Калыстар тобунун мүчөлөрү Жобону сактоого жана өз ишинде Конкурстун Уюштуруу комитети бекиткен критерийлик аппаратты колдонууга милдеттүү.

 

6.3. Чыгармачылык ишке баа берүүнүн критерийлери:

 конкурстун максаттарына жана милдеттерине иштин шайкештиги;

 идеянын оригиналдуулугу;

 көркөм аткарылышы;

 автор чечип жаткан көйгөйдүн орчундуулугу;

 колдонулуп жаткан идеянын жаңы болушу;

 иштин көрүнүктүүлүгү жана айкындыгы;

 көрөрманга тарбиялык таасирдин даражасы;

 ураан, чакырык.

 

6.4. Калыстар тобунун мүчөлөрүнүн ишинин натыйжасы толтурулган жана кол коюлган баа берүү ведомосту болуп саналат.

 

6.5. Калыстар тобунун ишинин жыйынтыктары талкууланбайт жана кайра каралбайт.

 

7. Конкурсту уюштуруу 

 

7.1. Конкурс 2017-жылдын 1-мартынан 11-апрелине чейин өткөрүлөт жана төмөнкүдөй үч этаптан турат:

 1-этап – 2017-жылдын 1-мартынан 11-апрелине чейин иштерди кабыл алуу (Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы, № 12 каб.);

 2-этап – 2017-жылдын 11-апрелинен 20-апрелине чейин Калыстар тобу сунуш кылынган иштерге баа бериши;

 3-этап – 2017-жылдын 28-апрелинде 2017-Билим фестивалынын биринчи күнүндө Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында (КМДТжСА) Конкурстун жеңүүчүлөрүн жана байгелүү орундарга жеткендерди сыйлоо.

 

7.2. Конкурстун жеңүүчүлөрү I, II, III даражадагы дипломдор жана байгелер менен сыйланат. Алда канча кызыктуу иштердин авторлору, Уюштуруу комитетинин сунуштамасы боюнча, кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланат. Мыкты конкурстук иштер Билим фестивалынын залдарына көрк берип турат (2017-жылдын 28-апрели).

 

7.3. Конкурстун жыйынтыктары ал аяктагандан кийин үч күндүн ичинде уюштуруучулардын расмий сайтына жарыяланат.

 

8. Конкурстук иштерге карата талаптар

 

8.1. Конкурска А1 форматындагы плакаттар кабыл алынат. Плакаттар ар кандай техникада (гуашь, тушь, пастель, компьютердик графика, аралаш техникалар жана башкалар) аткарылышы мүмкүн.

 

8.2. Плакаттардын тексти кыска, так, оригиналдуу болууга тийиш.

 

8.3. Иште эмоциялык боектор болууга тийиш, алардын булактары болуп түс, жарык, тамга, сүрөт, графикалык элементтер жана башкалар саналат.

 

8.4. Эгерде плакат графикалык компьютердик программалардын жардамы менен аткарылган болсо, файлы бар иш кошумча түрдө маалыматтык булакта берилүүгө тийиш.

 

8.5. Сунуш кылынган плакаттардын арткы бетинде төмөнкүдөй маалыматтарды көрсөтүү менен жазуу болууга тийиш: автордун фамилиясы, аты, туулган датасы, тема, мектептин номери, педагогдун ФАЖ, байланышуу телефону.

 

Конкурс боюнча консультацияларды Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынан төмөнкүдөй дарек боюнча алууга болот:

Кыргызстан, Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 125.

Тел: +996 312 610091 - Осмонов Арстанбек Салборович.

E-mail: osmonov.58@mail.ru, upravlenie-edu-bish@mail.ru, obrazovanie.bish@mail.ru.