Борбордун 27 мектебинде көчөттөрдү күзгү отургузуу өтөт

October 21, 2016, 06:00

Ишембиде, 2016-жылдын 22-октябрында, Бишкектин мектептеринде "Жашыл Бишкек: мектептин жанын жашылдандыруу - 2016" экологиялык акциясы старт алат.

 

Кийинки жуманын ичинде өтө турган акциянын жүрүшүндө 27 мектептин жанындагы участоктордо 14 миңден ашык көчөт отургузулат.

 

Эко-акция ишембиде 09:00дө № 66 орто мектепте (Восток-5 мкр.) старт алат.

 

Бактарды отургузууга жогорку жана кенже класстардын окуучулары катышат. Бактарды отургузган соң, жогорку класстардын окуучулары кенже класстардын окуучуларына алардын кайтаруусуна жана камкордугуна өткөрүп берет, бул аларда бактар жана мектеп, ошондой эле туулуп өскөн жердин курчап турган чөйрөсү үчүн жоопкерчилик сезимин жаратат.

 

Белгилеп кетүү керек, сентябрдын ичинде эксперт-эколог мектептердин жанындагы участокторду карап көрөт жана көчөттөрдү туура отургузуу жана багуу боюнча сунуштамаларды берет, ошондой эле алардын зарыл саны аныкталат.

 

"Жашыл Бишкек: мектептин жанын жашылдандыруу - 2016" экологиялык акциясы борбор шаардын мектептеринде 2015-жылдын жазынан бери өткөрүлүп келатат. 2016-жылдын аягына карата борбордун 81ден ашык мектебинин жанындагы участоктор, анын ичинде балдардын билим берүү борборлору жашылдандырылат деп пландаштырылууда.

 

2016-жылдын күзгү экологиялык акциясы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү республикалык фондунун колдоосу менен өткөрүлүп жатат.