Инклюзивдик билим берүү форуму: балдар бирге окушу керек!

October 19, 2016, 06:00

Ош – 2016-жылдын 19-20-октябрында Ош шаарында инклюзивдик билим берүүнү илгерилетүү боюнча форум болуп өтөт. Форумда коомдук уюмдардын, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана менчик сектордун өкүлдөрү инклюзивдик билим берүү жаатындагы алдыңкы технологияларды талкуулашат, инклюзивдик окутуунун практикалык тажрыйбасы жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кадимки мектептерде көнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрү менен бөлүшөт жана башка маанилүү маселелерди карашат. Форум ишин саат 9:00дө, Ош шаарынын мэриясынын имаратында баштайт (Ленин көчөсү, 221).


Талкууну “СмайлКейДжи” коомдук фонду Ош шаарынын мэриясынын көмөктөшүүсү менен USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосу менен уюштуруп жатат.

 

Форумга 100дөн адам катышып, ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алууга жетүүсү жөнүндө учурдагы кырдаалды, эрте диагностиканын жана баланын өсүп-өрчүшүндө артта калуусунун себептерин, ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды күндүзгү жана реабилитациялык борборлордун мектептерине даярдоо боюнча иш тажрыйбасын жана инклюзивдик балдар бакчаларынын ишин талкуулашат. Андан тышкары, катышуучулар жалпы билим берүү мектептеринде инклюзивдик билим берүүнү илгерилетүү боюнча тажрыйбага жана майыптуулугу бар жаш балдарды кесиптик жактан даярдоо маселелерине көңүл бөлүшөт.

Форумдун жыйынтыгында, катышуучулар таяныч-кыймылдоо системасы жабыркаган балдарга инклюзивдик билим алууга тоскоолдуктарды алып салуу жана майыптуулуктун социалдык моделин илгерилетүү боюнча иш-аракеттер планын кабыл алышат.

 

Биргелешип башкаруу программасы Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана менчик сектордун өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

 

USAID Collaborative Governance Program

E-mail: fkasmahunova@ewmi-kg.org

http://www.ewmi-cgp.org