Лекция “Британ билим берүү системасы Кыргызстанда”

May 15, 2013, 06:00

Лекция “Британ билим берүү системасы Кыргызстанда”


Лектор: г-н Джоханнес Лабускахнэ, директору «European School in Central Asia» Коомдук фонду 

И.Арабаев атындагы КМУнин конференц-залы ( Раззаков көчөсү, 51 А) 

29-май (шаршемби) 2013-жыл. Лекция окуу убактысы: 14:00 -16.00


Дүйнөдө жана аймакта болуп жаткан экономикалык процесстер, ошондой эле геополитикалык кырдаал билимдүү жана жогорку деңгээлдеги адистерди талап кылып жатат. Акыркы жылдары сапаттуу билимге болгон суроо өсүп жатат. Мына буга мисал бардык деңгээлде – мектепке чейинкиден жогорку билим берүүгө чейин сапаттуу билим берген жеке билим берүү уюмдарынын санын өсүшү. 


Акыркы убакта Кыргызстандын билим берүү рыногунда орто билим берген, андан ары Европа жана Америка өлкөлөрүндө окуй тургандай мүмкүнчүлүк бере алган эл аралык мектептер пайда болду. Ата-энелер өз баласы үчүн бала бакчаны же мектепти тандап жатып кандай жыйынтыкка ээ болгусуп келип жатышкандарын билүүлөрү керек. Мектепти бүтүп жатып бүтүрүүчү кандай билимдерге жана көндүмдөргө ээ болот. 


Британ билим берүү системасы эң мыктылардын бири болуп эсептелет. Эң белгилүү мектептери жана университеттери – Итон, Оксфорд, Кембридж ж.б. 


Лекция британдык башталгыч жана орто билим берүү системасына арналган. Лектор презентациясында көп убакыттан бери ар убакта жогорку натыйжа берген факторлор: структура, жетекчилик, каржылык отчеттуулук (саясат жана институтционалдык деңгээл), сапатты баалоо механизмдери маселелерин баяндап берет. 


Сиздер лекцияга катышып британ башталгыч жана орто билим берүү системасынын принциптери менен тааныша аласыздар жана Европада орто мектептин бүтүрүүчүсү кандай билимдерге ээ болушу керек экенин биле аласыңар, мектептин директоруна Сиздерди кызыктырган суроолорду берсеңер болот. 


 Лектор Джоханнес Лабускахне жөнүндө маалымат. 


1994-жылы “Башталгыч билим берүү” адистиги боюнча Дурбандагы (Түштүк-Африка Республикасы) жогорку окуу жайын аяктаган. Мугалимдикти африкаанс Тил мектебинде баштаган, андан кийин чоңдор үчүн орто билим берүү мектебине которулган. 


2001-жылы Англияга көчүп келген жана штаттан тышкары окутуунун аркасында британ билим берүү системасы менен таанышкан. 


Көп убакыт өтпөй мамлекеттик жеке билим берүү системасына өтүп, программанын жетекчиси жана жеке мектептин директорунун орун басары болуп дайындалган. 


2012-жылы апрелде Кыргызстанга келип Борбордук Азиядагы Европалык мектептин директорунун ордун ээлеген. Мырза Лабускахнэнин жетекчилиги астындагы мектептин маанилүү жетишкендиктеринин бири болуп Кэмбридждин аккредитациясына ээ болуу эсептелет. 


Каттоо: Орундардын саны чектелген, ошого байланыштуу Сиздердин катышууңуздарды бул телефондор аркылуу билдирип коюңуздар: +312 660 382, +772 800 376 же e-mail: asel.djakypbekova@gmail.com. Төлөө акысы 200 сом өлчөмүндө Котормо чыгымдарын жабуу үчүн караштырылган