Бишкекте 2016-жылдын 15-июнунда «Устат-3» насаатчылык долбоорунун расмий жабылышы өтөт

June 14, 2016, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ КР ИИМ жана КР милиционер айымдарынын ассоциациясы менен кызматташтыкта, БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) колдоосу менен «Устат-3» насаатчылык долбоорун аяктап жатат.


«Устат-3» долбоору – бул отуз насаатчынын – ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматташтыгы, алардын арасында көпчүлүгү аялдар жана милицияда кызмат кылууну, мыйзамдын сакчылыгында турууну жана милицияга ишенимди жогорулатууну, ошондой эле өнөктөр менен бирдикте ички иштер органдарындагы гендердик теңчиликке жана этностук өкүлчүлүккө жетишүүгө умтулууну чечкен жаш адамдар – улан-кыздар.


Бүгүнкү күндө эң башкысы – бул милиция менен калктын ортосундагы өз ара мамилелердин мүнөзү өлкөдөгү социалдык-саясий кырдаалдын маанилүү индикаторлорунун бирин билдиргендиги. Милиция калктын көз карашында, бир жагынан, мыйзамда белгиленген тартипти туюндурат, ал эми экинчи жагынан бийликтин алда канча «көзгө көрүнөрлүк» шайманы болуп саналат.


Ачыктыктын жана кызматташтыктын маанилүү экендиги айкын болгон ушундай шарттарда ЭКФ жаңы моделди сунуш кылат, анын натыйжасында биргелешкен күч-аракеттер менен укук коргоо структураларынын жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн жана өнөктөштүгүнүн жаңы принциптери калыптанат.


2015-жылдын сентябрынан тартып КР ИИМ жана КР АЖМ менен кызматташтыкта, БУУ БКБнын колдоосу менен «Устат-3» долбоорун турмушка ашыруу башталган. Бул долбоордун максаты милицияда гендердик жана этностук өкүлчүлүктү жакшыртуу максатында орто мектептерди бүтүрүүчүлөрдүн арасында кесипке багыт берүү ишин жүргүзүү аркылуу милицияга ишенимди бекемдөөгө жана ИИОдо кызмат өтөөнүн кадыр-баркын жогорулатууга көмөктөшүү болуп саналат.


8 ай бою насаатчылар өздөрүнүн шакирттерине ички иштер органдарындагы кызматка коюлуучу талаптар жөнүндө зарыл билимдерди алууга, зарыл жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө жана милициядагы кызматка туура жүйөлөрдү калыптандырууга жардам берди.


Долбоордун расмий жабылышында насаатчылар жана шакирттер «Устат-3» долбооруна катышуу жагынан өз пикирлери жана тажрыйбасы менен бөлүшөт.


Маалымат үчүн: «Устат» насаатчылык долбоорлору Фонд тарабынан 2013-жылдан бери турмушка ашырылып жатат жана насаатчы аялдын (Устат) жана жаш шакирт адис айымдын (Шакирт) ортосундагы кызматташтык процессине жигердүү катышууга жаш, жөндөмдүү жана өнүгүүнү каалаган айымдарды кубаттоого багытталган.


Өткөн мезгилдин ичинде төмөнкүдөй эки долбоор ийгиликтүү турмушка ашырылды: «Устат-1» (жаш адистер үчүн, алардын насаатчылары Башкы прокуратуранын, Жогорку соттун, КРУБдун жогорку рангдагы жетекчи айымдары жана башкалар болду) жана «Устат-2» (Бишкек шаарынын жаңы конуштарындагы жогорку класстардын окуучу кыздары үчүн, анда насаатчылыкты билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү тажрыйбалуу адистер жүзөгө ашырды).