1-июнда «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өтөт

May 31, 2016, 06:00

1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Эмен сейил багынын Галереясында «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өтөт.

 

Акция балада китеп окууга адатты жана сүйүүнү калыптандыруунун алмашкцыс элементи катары балдарга үн чыгарып китеп окуп берүү зарылчылыгына коомдун көңүлүн бурууга арналган.

 

1-июнда акция Эмен сейил багынын Галереясында өтөт.

 

Эмен сейил багынын Галереясында акцияны өткөрүүнүн графиги (2-кабат):

 

 Убактысы

ФАЖ (жылдыз)  

Тили

1

11:00-12:00

Ибраимов Албек – Бишкек шаарынын мэри 

Кыргыз

2

12:00-13:00

Бакыт жана Жеңиш- актерлор, башкы ролдордо тартылган ("Биртуганчик", "Герой моей девушки" кинокомедиясы ж.б.)

Кыргыз

3

13:00-14:00

Мейрманова Сауле – Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын начальниги

Орус

4

14:00-15:00

Доолбекова Жылдыз - Кристенсен Фондунун региондук программалык координатору

Орус

5

15:00-16:00

Акаева Жылдыз– балдар жазуучусу, Тоголок Молдо сыйлыгынын лауреаты

Орус

 

Эмен сейил багынын Галереясындагы акциянын алкагында эко-куурчактардын "Чий куурчак" көргөзмөсү өтөт.

 

Ошондой эле «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ кайра басып чыгарган Сооронбай Жусуевдин «Тоо жаңырткан чагылган» китебинин презентациясы жана аны окуп берүү пландаштырылып жатат – бул кыргыз жеринин кооздугу, анын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү жөнүндө, ошондой эле балдардын кызыктуу турмушу жөнүндө балдар ырларынын жана жомокторунун жыйнагы. Китеп биринчи жолу 1985-жылы жарыкка чыккан. Бул жылы китеп толук түстүү форматта чыкты жана жазуучунун 90 жылдыгына арналган. Иш-чаралар өтөт:

  • «Раритет» китеп дүкөнү
  • Ч.Айтматов атындагы китепкана
  • № 94 орто мектеп
  • № 84 орто мектеп (Ак-Өргө турак жай конушу)
  • С.Жусуев атындагы орто мектеп (Ош областы, Кара-Кулжа району, айылы)

 

Акцияны «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте уюштурган.