Жаш акындар

June 3, 2016, 06:00

Үстүбүздөгү Тарых жана маданият жылында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Жазуучулар Союзу жана Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоодо.


Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде өзгөчө сүймөнчүлүккө ээ болгон жаш акындар Алтынбек Исмалиовдун, Сайра Батыркулованын, Эрлан Жумагазиевдин, Кыял Тажиеванын жана Зайырбек Ажыматовдун, Афина Бакированын, чыгармачылыгына арналат. Иш-чара 2016-жылдын 9-июнунда саат 17.00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында өтөт. Иш-чара учурунда акындар атуулдук, лирикалык темадагы ырларынан көркөм окуп беришет.Кечени Мирлан Самыйкожо алып барат.


Алтынбек Исмаиловдун алгачкы «Таш күзгү» аттуу ыр жыйнагы 2008-жылы жарык көргөн. Китеп окурмандардын суроосу менен үч ирет кайрадан басылып чыккан. Ырлары орус жана түрк тилдерине которулган.


А.Исмаилов Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму уюштурган “Беш акын” теледолбоорунда баш байгени жеңип алган. Ал көркөм котормого да аралашып, суфистик-мистикалыкпоэзиянын ири өкүлдөрү, белгилүү түркакындары Мевлана Жалалиддин Руми менен Юнус Эмренин ырларын кыргыз тилине которгон. А.Исмаилов 2005-жылы Крымда өткөн «Түрк калктарынын Эл аралык VI поэзия фестивалынын», 2006-жылыАстана шаарында өткөн чыгармачыл жаштардын Эл аралык «Шабыт» поэзия фестивалынын, 2007-жылыТүркияда өткөн IX Эл аралык поэзия жана башка бир нече фестивалдардын дипломанты болгон. Алтынбектин ырлары өзүнүн терең мекенчилдиги менен өзгөчөлөнүп турат.


Афина Бакированын 2004-жылы «Мен өзүмдү сүйүү кызы атаймын» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көрүп, 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты, «Алыкулдун ак боз ат» фестивалынын 2-даражадагы лауреаты болгон.Афинанын ырлары терең лирикалуулугу жана жан дүйнөгө жарык берген мээрими жана назиктиги менен окурмандарды өзүнө тартып келет.


Эрлан Жумагазиевдин алгачкы ырлары Кочкор райондук «Эмгек туусу» гезитине жарыяланган. Ал 2003-жылдан баштап чыгармачыл жаштардын республикалык «Нурборбор» коомдук бирикмесинин,2004-жылдан «Калемгер» адабий клубунун мүчөсү.”Жан дүйнө жаңырыгы” аттуу китеби жарык көргөн. Андан тышкары ырлары мезгилдүү басма сөз беттеринде, «Саамалык», «Алманын мөмөлөрү» өңдүү бир катар альманахтарда жарыяланган.


Сайра Батыркулова- актриса жана акын. КТРКнын Биринчи радиосунда эмгектенет. 2012-жылы “Сүйүү көктөмү” аттуу китеби жарык көргөн. 2013-жылы атактуу Коргоол ырчы тууралуу “Коргоол” китебин түзүп, жарыкка чыгарган. Б.Жакиевдин “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” спектаклинде күлкүчу кемпирдин ролун мыкты жараткандыгы үчүн Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыкка татыктуу болгон.


Кыял Тажиева– акын жана котормочу. Учурда "С.Байгазиевдин публицистикасы эгемендүулүк жылдардагы кыргыз улуттук публицистикасынын жаңы көрсөткүчү катары" деген аталышта диссертациялык иштин үстүндө иштеп жатат. "Сырдуу дарак"(2011), "Кыял" (20015) аттуу ыр жыйнактарынын автору. Карпек Курмановдун "Исповедь юриста" аттуу автобиографиялык чыгармасын кыргызчалаган. 2014-жылы мамлекетти бекемдөө жылына карата публицистикалык чыгармаларга жарыяланган республикалык конкурстун жеңүүчүсү, 2015-жылы Таттыбубу Турсунбаевага арналган конкурста анын ырлары биринчи орунга ээ болгон.


Бул эки акын кыздын ырлары негизинен сүйүү темасына арналып, бөтөнчө лирикалуулугу менен өзүнө тартып турат.


Зайырбек Ажыматов “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Ыр жазууну 2-3-класстарда окуп жүргөн мезгилинде баштаган. “Алыкулдун ак боз ат» поэзия фестивалынын, Арча адабий сыйлыгынын лауреаты.Жолон Мамытовдун 75 жылдыгына арналып өткөрүлгөн сынакта «Жолон калеминин мураскери» наамына татыктуу болгон. Анын ырлары өзүнүн курчтугу менен айырмаланып, окурмандар жүрөгүнөн түнөк тапкан.