2013-жылдын 18-майында Бишкекте «Музейдеги түн” жалпы шаардык акциясы өткөрүлөт!

May 3, 2013, 06:00

18-майдан 19-майга караган түнү шаардын борбордук музеи түнү бою кечки саат алтыдан жарым түнгө чейин ачык болот. Мамлекеттик тарых музеи “Музейдеги түн” акциясы үчүн атайы программа даярдап жатат: экскурсиялар, мастер-класстар, бир күндүн көргөзмөлөрү, концерттер, тарыхый реконструкциялар. Бул жылы бардык программалар жалпы темага арналган – “Келечек жолу боюнча мурункудан азыркыны көздөй”. 

Шаардын музейлери эл-журтка кеңири маалым жана элге дээрлик эле тааныш эмес көптөгөн сырларды сактап келет. Табышмактуу окуялар, кээ бир экспонаттардын же имараттардын сырлары – мына ушунун бардыгы “Музейдеги түн 2013” программасынын бир бөлүгү болот.

Бул коноктор үчүн өзгөчө убакта музей эшиктерин ачкан жыл ичиндеги жалгыз күн. Адатынча бул убакта жабык болгон музейдин бардык экспозицияларын көрүү мүмкүнчүлүгүнөн тышкары музейдин аянттарында акциянын катышуучулары даярдаган атайы программалар көрсөтүлөт. Бул концерттер, перфоманстар, акциялар, мастер-класстар ж.б. болот.

Бишкекте “Музейдеги түн” акциясы Эларалык музейлер күнүн майрамдоонун чегинде жыл сайын өткөрүлөт. Акция музейлерге өзү тууралуу айтып берүү жана жаңы көрсөтмө экспозициялары менен интерактивдүү программаларын көрсөтүү, ал эми шаар тургундарына жаңы жерлерде, кадимкидей эмес шарттарда же балачактан жакшы көргөн музейлерди өзү үчүн кайрадан ачуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Акция Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музеинин демилгеси боюнча экинчи жолу өтүп жатат.

Иш чара жөнүндө толугураак маалыматты “Музейдеги түндөрдүн” PR-координатору Гульнара Черикбаевага кайрылып алсаңар болот (info@museum.kg, http://museum.kg/).