«Кесиптик форум» кассы – бул балдарды тарбиялоо жана аларды өнүктүрүүгө тиешелүү маселелерди талкуулоо үчүн түзүлгөн аянтча

May 2, 2013, 06:00

«Кесиптик форум» кассы – бул балдарды тарбиялоо жана аларды өнүктүрүүгө

тиешелүү маселелерди талкуулоо үчүн түзүлгөн аянтча. Билим фестивалынын эки күнү бою 18- жана 19-майда Мамлекеттик тарых музеинин имаратында бул тема кимге жакын болгон каалагандардын бардыгы “Балдарды өнүктүрүүнүн инновациялык, анимациялык усулдары”, “Интерактивдүү доска менен кантип иштеш керек”, “Коомдук бала бакчаны жана жайлоодогу бала бакчаны кантип ачуу керек” мастер-класстарына келип катышып, ошондой эле “Монтессори” методикасы менен таанышып, балдардын көркөм адабий китептеринин Ретроспективдик көргөзмөсүн көрүп кете алышат. «Кесиптик форум» классынын чегинде “Балдар жана китеп” (Тарых музеинин китепканасында), “Театр жана балдар” (Ч. Айтматов атындагы Орус драм театрында) тегерек столдор өткөрүлөт.

«Кесиптик форум» классы маселелерине кызыккандардын бардыгын 18- жана 19-майда өткөрүлө турган БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫНА күтөбүз!