«Жомок дүйнөсү” классы – бул Билим Фестивалынын эң мээримдүү жана шайыр интерактивдүү аянтчасы.

April 26, 2013, 06:00

«Жомок дүйнөсү” классы – бул Билим Фестивалынын эң мээримдүү жана шайыр интерактивдүү аянтчасы. Бул жаш чеберлердин жана шайыр персонаждардын чыныгы шаары!

Ошондой эле эки күн бою “Жомок дүйнөсү” классында 3жаштан 15 жашка чейинки балдар үчүн акысыз ар кандай мастер-класстар өткөрүлөт. Балдар колго жасалган кооз буюмдарды суктанып гана карап чыгышпастан, өзүлөрү да чеберлердин ролунда боло алышат: алар өзшедеврлерин жаратышып, андан кийин аны эстеликке алып кете алышат. Камкор окутуучулардын жетекчилиги астында балдар кийизден, чоподон, жиптен, кагаздан, кездемеден жана пластиктен шумдуктуудай колго жасалган нерселерди жаратууга үйрөнүшөт. Бул жерде каккиригами, граттаж, тестопластика, кумга сүрөт тартуу, чий жана да кездемеге сүрөттү күйгүзүп түшүрүү сыяктуу техникалар колдонулат.

“Жомоктор дүйнөсү” классынын аянтчасында оюндар, викториналар, сынактар жана театралдык оюндар дайыма өткөрүлүп турат. Фестивалдын жаш меймандары чоң Коенек, Спанч Боб, Кичинекей кескелдирик, Деңиз каракчылары, Зебра менен кол алышып учурашып жана сүрөткө түшүү менен эле чектелип калбастан, андан тышкары шайыр оюндарды да ойной алышат!

18-19- майда Сиздердин Билим Фестивалына келип кетүүңүздөрдү күтөбүз! Биздин жаңылыктарды карап тургула!