«Устат» долбооруна катышуу сынагынын жарыясы

April 5, 2013, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Эл аралык мамилелер боюнча улуттук демократиялык институту менен биргеликте жаш айымдар үчүн менторчулук боюнча «Устат» долбооруна катышуу сынагын жарыялайт. 

Биз Кыргызстандагы бийликтин жогорку эшелондорунда лидер-айымдардын бүтүндөй плеядасы иш алып баргандыгына, алардын Жогорку Кеңеште, КРнын Өкмөтүндө жана мамлекеттик органдарда, институттарда болгон катыштыгына сыймыктанабыз. Алардын коомдук-саясий башкарууда билими жана тажырыйбасы, жашоо тажырыйбасы зор. Андыктан, алар мекенге кызмат өтөөгө өздөрүн багыттаган жаш кыздарга устат болуп берүүгө даяр. 

Сынакка анкета-заявканы толтурган Кыргыз Республикасынын жараандары ган катыша алат. Сынактын жеңичүүлөрү каттоодон өткөн катышуучулардын арасынан төмөнкү критерийлер менен бааланышат:

1. Кыргызстандын атуулдары, учурда Бишкек шаарында жашап же/жана иштеп жаткан

2. Жынысы: аял;

3. Жаш курагы 25-35 жаш ;

4. Жогорку билим;

5. Иш тажырыйбасы 3 жылдан кем эмес;

1. Коомдук жана социалдык иштерге катыштыгы;

7. Аналитикалык жөндөм;

8. Өздүк сапаттары: активдүү жашоо позициясы бар, жоопкерчиликтүү, комуникабелдүү, өзүнө ишенген, оптимист, так, туура жана сөз байлыгы кенен (жазуу, сүйлөө).

9. Берилге мөөнөттөрдө иштерди так аткаруу жөндөмдүүлүгү. 

Анкета-заявкаларды кабыл алуу мөөнөтү 5-апрель 2013 жылы, Бишкек убактысы менен саат 10:00 до башталып, 26- май 2013 жылы саат 16:00 аяктайт. Мөөнөтүнөн кеч түшкөн анкеталар сынккта каралбайт.

Анкета электронндук түрдө толтурулса болот (ссылка). 

Анкета-заявка кагаз түрүндө кийинки дарек менен кабыл алынат: «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, Бишкек шаары, Чуй проспектиси, 106, 108 каб. (КР экономика министирлигинин имаратында), «Устат» долбоорунун сынак комиссиясына деген белгилениши менен. 

Анкета-заявкалар кыргыз орус тилдеринде кабыл алынат.

 Сынактын жыйынтыгы жеңүүчүлөрдүн тизмесин сынактын комиссиясы бекиткен мөөнөттөн тарта www.roza.kg (ссылка страницы проекта) сайтына, 5 күндөн кеч эмес убакытта илинет.  

_____________________


«Роза Отунбаеванын демилегси»

Эл аралык коомдук фонду

 

Биялинова Джамиля

"Устат" долбоорунун координатору

Моб.: + 996 778 019999

Офис: +996 312 660382

Эл.дарек: ustat@roza.kg