К.Урмамбетовдун чыгармачылыгына арналган кече

April 26, 2016, 06:00

Үстүбүздөгү Тарых жана маданият жылында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Жазуучулар Союзу жана Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын жана жазуучулардын жана жаштардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулайт.


Мындай кеченин кезектегиси Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек синирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты, Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын ээси белгилуу акын Кыялбек Урмамбетовдун чыгармачылыгына арналат. Иш-чара 2016-жылдын 28 апрелинде Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянынкичи залындаөтөт.


Кыялбек Урмамбетовдун чыгармачылыгы 10 жашында башталган. 3-класстын окуучусунун эң алгачкы ыры «Мышыгым» деген ат менен республикалык «Кыргызстан пионери» гезитине 1969-жылы жарыяланган . Анын “Балапан” ( Балдар үчүн ырлар жыйнагы, 1981), “Көл-эне” (Ырлар жыйнагы, 1988), “Айдагы кыз” (Ырлар жыйнагы,1989),”Суйуузар” (обондуу ырлар 2010), “Чыгыш жылдыздары” (котормолор. 2010), “Тактеке” (драмалар, 2012), “Макалдат” (балдар учун ырлар. 2013) китептери жарык коргон.


Ал кыргыз өнөр дүйнөсүндө эң биринчи мюзиклди – «Махабат жылдызын» жараткан. Жүздөн ашык обондуу ырлардын автору.


1988-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө.


Эн башкысы, ал белгилуу акын Совет Урмамбетовдун уулу. Ата жолун аркалаган акын.


Поэзия кечесинде К.Урмамбетовдун ырлары жана алардын тарыхы, чыгармачыл баяны өзүнүн жана жаш шакирттеринин айтуусунда аткарылат. Ошондой эле Акынга арналган замандаш калемдештеринин ырлары, акындын сөзүнө жазылган обондуу ырлар жаңырмакчы.