11-сентябрда

September 1, 2012, 06:00

11-сентябрда "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минитсрлиги менен өнөктүктө “Discover Asia” долбоорунун алкагындагы кезектеги 5-жолугушууну өткөрөт. Иш чара Малайзияга арналмакчы.

Жолугушуу АСЕАН ири экономикасына жана дүйнөдөгү 29-орунду ээлеген Малайзиянын экономикасына арналат. Бул өлкө электрондук чип жана тиричилик салкындаткычтарды чыгаруу боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлейт. 1970-жылы эле анын экономикасы кен казуу жана айыл чарба тармагына негизделчү. 2011-жылдын маалыматы боюнча Малайзиянын ички дүң продукциясы 447,595 млрд $ түзгөн.

Иш чаранын негизги спикери Малайзиянын экс премьер-министри Тун доктор Махатхир Бин Мохама болмокчу.

Малайзиянын экспортко эсептелген Түштүк-чыгыш азиядагы эң мыкты өнүккөн өлкөгө айланганына дал ушул инсан - Тун доктор Махатхир Бин Мохамаддын салымы зор деп эсептелет.

Тун доктор Махатхир Бин Мохамад Малайзияны заманбап, экономикасы жогору өнүккөн өлкөгө айлантып, көз карандысыз ички жана тышкы саясаты бар, "азиялык" жана "малайзиялык" баалуулуктарына таянган коомду түзүү боюнча ой максаттарын ишке ашырган.

«Акыркы 30 жыл ичинде дал ушул инсандын аракеттери менен Малайзияда Жаңы экономикалык саясат (NewEconomicPolicy1971-1990) жана Өнүгүүнүн улуттук саясаты (NationalDevelopmentPolicy1991-2000) ишке ашкан. Учурда Малайзияны 2020- жылга(Vision 2020) заманбап жогорку технологиялык мамлекетке айлантуу стратегиясы ийгиликтүү ишке ашып жатат.», - деп белгилейт "Роза Отунбаеванын демилгеси" ЭКФ аткаруучу жетекчиси Жибек Койчукулова.

Маалымат үчүн: DiscoverAsia - маалыматтык-агартуучулук демилге. Мында ар бир Азиянын өлкөсү серепчи, соода-экономикалык атташе, ишкер, өкмөт чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен көрсөтүлөт. Мында сиздер башка өлкөлөрдүн бизнес-мүмкүнчулүктө, маданият, салт, экономика жана финансы тармагындагы, өндүрүш, социалдык практикадагы ноу-хаунун ийгиликтүү тажрыйбасы тууралуу маалымат ала аласыздар. «DiscoverAsia» жолугушуулары ай сайын өтүп турат. Буга чейин Бангладеш, Кытай, Индия жана Японияга арналган жолугушуулар уюштурулган.

Кошумча маалымат үчүн долбоордун координатору Алтынай Бегалиевага кайрылса болот тел : 901956, 0554-979714, же электрондук дарекке office@roza.kg.

Журналисттерди аккредитациялоо 10 сентябрга чейин төмөнкү тел аркылуу жүргүзүлөт. (0312) 901956