Монтессори системасы боюнча экинчи аныктоочу курска чакырабыз

February 10, 2016, 06:00

2016-жылдын 20-февралы – 20-марты 

 

Монтессори системасы боюнча экинчи аныктоочу курс 

 

Бишкек шаары, Кыргызстан

 

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду "Шамбала" Балдарды өнүктүрүү борбору жана «Синяя Птица» Монтессори-клубу менен бирдикте силерди Монтессори системасы боюнча экинчи аныктоочу курска чакырат, ал 20-февраля – 20-марта (дем алыш күндөрү) «Синяя Птица» Монтессори-клубунда 5 кичи район, 4/2 дареги боюнча өтөт.

 

Монтессори системасы – дүйнөдө балдарды өнүктүрүүнүн жана тарбиялоонун эң көп талап кылынган, жүз жылдан ашык мезгилден бери дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарында ийгиликтүү колдонулуп келаткан методикалардын бири. Мария Монтессори иштеп чыккан ыкма – бул өз учурунда табигый оптималдуу өнүгүү, ал ар бир балада катылган дараметти ачууга мүмкүндүк берет. Монтессори ыкмасы кала берсе балдардын тобунун шартында ар бир конкреттүү баланы колдоого багытталган, башкача айтканда, бул жекече өнүктүрүү ыкмасы (каалаган материалды тандоо, ар кандай куракта болуу, жекече иштөө – өзүнүн темпи жана маршруту, эркиндик, ийкем мамиле). Ушунун аркасында балдар кыйналбайт, жеңил жана түрткүлөбөстөн окуйт, өздөрүн ийгиликтүү сезет, ар бир курактык этапта мыкты түрдө өнүгөт.

 

Аныктоочу курс Монтессори силердин таламыңарга канчалык шайкеш келээрин түшүнүүгө жана окууну андан ары улантуунун кереги бар же жоктугун чечүүгө мүмкүндүк берет.

 

Бул курсту бүтүрүүчүлөр режимдик учурларда Монтессори топтордо мугалим болуп, балдар монтессори-материалдар менен алектенип жатканда ассистент болуп иштей алат. Курс М. Монтессори системасы боюнча иштеп жаткан мекемелерде администрациялык ишти жүзөгө ашыра турган адамдарга да пайдалуу.

 

Курсту аяктагандан кийин Аныктоочу курска катышкандыгы жөнүндө күбөлүк берилет, ал 0дөн 3 жашка чейинки, 3төн 6 жашка чейинки балдар үчүн топтордо иштөөгө педагогдорду даярдоо боюнча курстарда окууну улантууга укук берет.

 

Машыктыруучулар:

Каримова Эльмира Умаровна, негиздөөчү, директор, монтессори-педагог, Балдарды өнүктүрүү борбору, “Шамбала” балдар бакчасы

Исабекова Камила, негиздөөчү, монтессори-педагог, «Синяя Птица» Монтессори-клубу

 

Өткөрүү убактысы:

20-21-февраль, 27-28-февраль, 5-6-март, 12-13-март, саат 9:00дөн 17:00гө чейин.

 

Өткөрүү орду: «Синяя Птица» Монтессори-клубу, 5-кичи район, 4/2.

 

Наркы: 7 000 сомов

 

Каттоо: Орундардын саны чектелүү, ушуга байланыштуу аныктоочу курска катышууга өтүнмөнү дароо эле төмөнкүдөй эки почта ящигине жөнөтүүнү суранабыз: shambala-zdr@mail.ru жана bluebird.montessoriclub@gmail.com.

 

Байланышуу үчүн телефондор: 0555754307, 0773052812, 0772 800376