«Экология жана экологиянын адамдын ден соолугуна таасири» плакаттарынын конкурсу. Жобо

February 3, 2016, 06:00


Плакаттардын шаардык конкурсу

«Экология жана адамдын ден соолугуна экологиянын таасири»



  


Конкурстун максаттары: 


  • Балдардын дүйнөгө экологиялык көз карашын өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
  • Туулуп-өскөн жердин жаратылыш ресурстарын сактоо жана өнүктүрүү көйгөйлөрүнө турмуштук позицияны калыптандырууга жардам берүү.
  • Курчап турган чөйрөнүн кооздугунан эстетикалык ыракат алуу сезимине дем берүү.


Плакаттарга карата талаптар:


  • Иш-аракеттин экологиялык-практикалык багыты (көйгөй жана аны чечүү жолдору).
  • Плакат – көркөм өнөрдүн үгүттөөчү чыгармасы (чакырык же лозунг болууга тийиш).
  • Көркөм жана эстетикалык баалуулук.
  • Иш плакат техникасы түрүндө аткарылууга тийиш (түстөрдүн санынын чектелүү болушу).
  • Жасалгалоо: ар бир тарабынан 5 сантиметрден тышкы ачык жери бар А1 форматы (ватман); ачык жердеги төмөнкү оң жактагы сапта: сүрөтчү автордун фамилиясы, ысмы жана курагы (1 плакат – 1 автор). Плакат өзү эле айтып турууга тийиш: сүрөт жана чакырык көйгөйдү жана аны чечүү жолдорун чагылдырууга тийиш.
  • Конкурска плакаттарды түзүү боюнча консультацияларды Бишкек шаарынын көркөм сүрөт чыгармачылык мугалимдери берүүгө тийиш.


Конкурстун катышуучулары:


Бишкек шаарынын 5-11-класстарынын окуучулары.

Плакаттарды Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгына № 3 кабинетке   М.Р. Калыгуловага (тел. 61-00-91, 61-37-01)  тапшыруу мөөнөтү 2016-жылдын 5-апрелине чейин.

Бишкек шаарынын мектептеринин 5-11-класстарынын окуучулары.

Жыйынтыктарды чыгаруу 2016-жылдын 15-апрели.


Конкурстун жеңүүчүлөрү сыйлыктар менен сыйланат жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ 2016-жылдын 22-23-апрелинде өткөрө турган төртүнчү Билим берүү фестивалына катышуу үчүн чакырылат.


Конкурсту «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында өткөрүп жатат.