Экологиялык үгүт бригадаларынын шаардык конкурсу. Жобо.

February 3, 2016, 06:00

Экологиялык үгүт бригадаларынын жана 

театрлаштырылган оюн-зооктордун шаардык конкурсу

«Жаш бишкектиктин эко-эрежелери»




Конкурстун максаты: 

 

  • жаратылыш байлыктарын сактоо жана көбөйтүү ишинде экологиялык агартууга кызыгууну арттыруу;
  • курчап турган чөйрөнү коргоо көйгөйлөрүнө окуучулардын көңүлүн буруу;
  • жаратылышка карата аяр мамилени көркөм чыгармачылык каражаттары менен даңазалоо.


Конкурстун милдеттери:


  • театралдык-чыгармачыл ишмердик аркылуу экологиялык агартуу жагынан иш жүргүзгөн окуучуларды табуу жана сыйлоо;
  • шаар калкынын арасында экологиялык маданиятты пропагандалоо үчүн мыкты үгүт бригадаларын тартуу;
  • экологиялык тарбиялоонун жана билим берүүнүн таасирдүү формасы катары балдардын жаратылышты коргоо кыймылдарын калыптандыруу;
  • окуучуларда экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө катышы бар деген сезимди өнүктүрүү.


Конкурстун катышуучулары:


1. Бишкек шаарынын чыгармачыл жамааттары жана билим берүү уюмдарынын окуучуларынын үгүт бригадалары.

2. Топтун курамы 8-11-класстардан 10го чейинки адам.

3. Конкурста оюн көрсөтүү убактысы 10 мүнөт.


Конкурсту өткөрүү шарттары жана убактысы:



Конкурс «Жаш бишкектиктин эко-эрежелери» номинациясы боюнча 2 этап менен өткөрүлөт.

1. Райондук (тандоо этабы) – 2015-жылдын 1-октябрынан тартып 2016-жылдын 10-мартына чейин. РЦОнун адистери өткөрөт.

2. Шаардык – 2016-жылдын 11-марты.


Кызыгуу бар болгон учурда конкурска катышууга өтүнмөнү Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгына берүү зарыл: Бишкек шаары, № 3 кабинет, 2016-жылдын 3-мартына чейин.  М.Р. Калыгуловага тел. 61-00-91, 61-37-01


Сахнада оюн коюуда конкурстун темасын чагылдыруу, көтөрүлүп жаткан маселенин орчундуулугу, чыгармачыл жана көркөм бүтүндүк, аткаруунун деңгээли бааланат.


Конкурстун жеңүүчүлөрү сыйлыктар менен сыйланат жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ 2016-жылдын 22-23-апрелинде өткөрө турган төртүнчү Билим берүү фестивалына катышуу үчүн чакырылат.


Конкурсту «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында өткөрүп жатат.