Турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан жасалган эко-дубалдар конкурсу. Жобо.

February 3, 2016, 06:00


«Буюмдардын экинчи жашоосу» 

темасына турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан (ТКК) жасалган 

эко-дубалдар конкурсу 

 



Конкурстун максаттары жана милдеттери:


  • курчап турган чөйрөнү коргоо көйгөйлөрүнө окуучулардын жана мугалимдердин көңүлүн буруу;
  • турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан продукция түзүү аркылуу жаратылышка аяр мамилени даңазалоо;
  • жаратылыш байлыктарын сактоо ишинде экологиялык агартууга мектеп окуучуларынын кызыгуусун арттыруу.

Конкурска карата талаптар:

  • фойеде мектептин дубалын тиешелүү окуу жайынын окуучулары жана мугалимдери жасаган, турмуш-тиричилик калдыктарынан турган, колго жасалган буюмдар менен кооздоо.


Конкурстун катышуучулары:


1. Бишкек шаарынын мектептери

2. Бишкек шаарынын мектептен тышкаркы мекемелери.


Конкурсту өткөрүү шарттары жана убактысы:


2016-жылдын 15-октябры – 15-марты.

Катышуучулар 2016-жылдын 16 – 20- мартына чейин мектептерди, мектептен тышкаркы мекемелерди кыдырып чыгышы.

Конкурска катышуу үчүн Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгына өтүнмө берүү зарыл: Бишкек шаары, № 3 кабинет, 2016-жылдын 20-февралына чейин. М.Р. Калыгулова, тел. 61-00-91, 61-37-01


Конкурстун жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй эки жеңүүчү аныкталат:

Мектеп жана мектептен тышкаркы мекеме.


Конкурсту «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында өткөрүп жатат.