«Балдарга китеп окуу: балдар адабиятынын тарбиялоочу жана маданий потенциалы» семинарына чакыруу

February 1, 2016, 06:00

Семинарга чакыруу 

 

«Балдарга китеп окуу:

балдар адабиятынын тарбиялоочу жана маданий потенциалы» 

 

2016-жылдын 19-20-февралы

 

 

Кымбаттуу ата-энелер жана педагогдор!

Балдар үчүн китептин жана китеп окуунун маанилүүлүгүн түшүнгөндөрдүн бардыгы!

Ышкыбоз, ойлонгон, сезип турган баланы тарбиялоону каалагандардын бардыгы!

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Сиздерди бүткүл россиялык «Читающий автобус «Бампер» долбоорунун жетекчиси, мыкты адис Анна Тихомированын семинарына чакырат. Өзүнүн автордук семинарында ал балдарга китепти сүйүүнү жана ага кызыгууну кантип каныктырууга боло тургандыгын, балага кызыктуу жана пайдалуу боло турган китепти ага кантип тандоо керектигин, китеп окуу балага эмне берээрин жана китеп өзүнүн окурманына кандай маселелерди чечүүгө жардам бере алаарын айтып берет.

 

Семинардын алкагында Сиздер россиялык жана чет өлкөлүк жазуучулардын эң мыкты китептерин сатып алып, россиялык китеп басмасынын жаңы китептери менен тааныша аласыздар. Анна Тихомированын сунуштамалары аркылуу мектеп же китепкана үчүн китептерди тандай аласыздар.

 

Жума күнү, 19-февралда 10.00дөн 12.00гө чейин жолугушуу өткөрүлөт, ага каалагандардын бардыгы катыша алат. Жолугушууга кирүү – акысыз.

 

19-февралдагы (түштөн кийин) – 20-февралдагы семинарга катышуу үчүн акы –машыктыруучуга гонорар төлөө үчүн 500 сом.

 

Семинарга төмөнкүдөй телефондор боюнча жазылыңыздар: 660 384, 0772 800 376 же фейсбуктуга биздин барагыбызда: https://www.facebook.com/OtunbayevaFoundation/?fref=ts