«Балдарга китеп окуу: балдар адабиятынын тарбиялык жана маданий потенциалы» семинарына чакырабыз

December 13, 2015, 06:00

«Балдарга китеп окуу:

балдар адабиятынын тарбиялык жана маданий потенциалы»

 

семинарына чакыруу

 

2016-жылдын 11-январы

 

 

Кымбаттуу ата-энелер жана педагогдор!

 

Балдар үчүн китептин жана китеп окуунун маанилүүлүгүн түшүнгөндөрдүн бардыгы!

 

Баарына кызыккан, ойлонгон, сезимтал баланы тарбиялоого ниеттенгендердин бардыгы!

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Сиздерди мыкты адис – бүткүл россиялык «Читающий автобус «Бампер»» долбоорунун жетекчиси Анна Тихомирова менен жолугушууга чакырат. Өзүнүн автордук семинарында ал балага китеп окууга кызыгууну жана китепти сүйүүнү кантип каныктырууга болоорун, балага кызыктуу жана пайдалуу боло турган китепти ага кантип тандоо керектигин, китеп окуу балага эмнени берээрин жана китеп өзүнүн окурманына кандай маселелерди чечүүгө жардам берээрин айтып берет.

 

Семинардын алкагында Сиздер россиялык жана чет өлкөлүк жазуучулардын эң мыкты китептерин сатып алып, россиялык китеп басмасынын жаңы китептери менен тааныша аласыздар.

 

Семинарга төмөнкү телефондор боюнча жазылыңыздар: 660 384, 0772 800 376 же Фейсбукта биздин бетте: https://www.facebook.com/OtunbayevaFoundation/?fref=ts

Акысы – 1000 сом.