Бишкектин мектеп директорлору үчүн экология боюнча лекторий

November 5, 2015, 06:00

2015-жылдын 6-ноябрында (жума) № 70 гимназия мектепте Бишкектин 94 мектебинин директорлору үчүн «Экология боюнча лекторий» өткөрүлөт.

 

Лекторийдин алкагында жамааттарды туруктуу өнүктүрүүнүн "ЫРЫСТАН" коомдук фонду директорлорго жалбырактарды өрттөөнүн зыяны жөнүндө айтып берет. Натыйжалуу жылуулоо чаралары жана энергия үнөмдөөнүн ыкмалары жөнүндө лекциянын катышуучуларына "ЮНИСОН" коомдук фондунун өкүлдөрү айтып берет.

 

Бул лекторийди «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта жана "Ырыстан" жана "Юнисон" коомдук фонддорунун катышуусу менен уюштурган.

 

Иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду демилгелеген «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат.