«Эко-селфи» жана «Эко-фотоаңчылык» конкурстарынын УЛАНДЫСЫ

September 28, 2015, 06:00

Кымбаттуу достор!

 

Көп сандаган өтүнүчтөр боюнча биз "Эко-селфи" жана "Эко-фотоаңчылык" конкурстарын 20-октябрга саат 17:00гө чейин узарттык.

 

Эми өз иштерин али жөнөтүүгө үлгүрбөй калгандар үчүн конкурстарга катышуу жана баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар.

 

 

"Эко-селфи" конкурсу.

Өз эмгегиңдин (ишембилик, жашылдандыруу, көчөттөрдү отургузуу жана башкалар) фонундагы селфи. Башкы байге – смартфон.

 

"Эко-фотоаңчылык" конкурсу.

Бул конкурс боюнча биз төмөнкүдөй 2 темадагы иштерди кабыл алабыз:

1. Таң калычтуу нерсе жаныңда. Экологиянын көз карашынан алганда сиз демейдегиден башкача жана таң калычтуу деп эсептеген нерселер (ландшафт, каньондор жана көптөгөн башкалар).

2. Бишкек шаарынын көзгө көрүнбөгөн жашоочулары. Канаттуулар, жаныбарлар, курт-кумурскалар. Бир сөз менен айтканда, сиз шаарыбыздын «көзгө көрүнбөгөн жашоочусу» деп эсептегендердин фотосүрөттөрү.

 

Сиз ишти бизге төмөнкүдөй 3 ыкма менен жөнөтө аласыз:

1. bilimfest2@roza.kg почтасына.

2. Төмөнкүдөй дарек боюнча офиске: Чүй проспекти 106 (Тыныстанов көчөсү менен кесилиште), Экономика министрлиги, 1-кабат, 115-кабинет.

3. 0550 328899 номерине WhatsApp аркылуу.

 

Бардык конкурсанттарга ийгилик каалайбыз!

 

Маалымат үчүн телефондор: 66-03-68, 0550 328899, 0556 205305