Жеке балдар бакчаларынын жана борборлорунун директорлору үчүн «Директорий» тренинги

September 29, 2015, 06:00

1-октябрда жеке балдар бакчаларынын БАРДЫК директорлорун Россиянын мектепке чейинки билим берүүсүнүн жаңы тренддери жөнүндө Мария Миркес менен жолугушууга чакырабыз. Россиянын мектепке чейинки билим берүү секторунда жаңы эмнелер болуп жатат? Кыргызстанда жеке билим берүүнү өнүктүрүү жагынан кандай божомолдор бар? Ушулар жөнүндө жолугушуудан билип алысыздар, ал 2015-жылдын 1-октябрында (бейшемби) 11.00дөн 13.00гө чейин Шамбала Монтессори балдар бакчасында өтөт, Кара-Дарыя көчөсү 125, Суванбердиев көчөсү менен кесилиште. Карл Маркс көчөсү тараптан кирүү керек. Кирүү акысыз.

 

2-3-октябрда Кардарлар темасы боюнча жеке балдар бакчаларынын жана борборлорунун директорлору үчүн Директорий тренинги өтөт. Сиздин балдар бакчаңызга балдарды кантип топтоо керек? Потенциалдуу кардар менен телефон аркылуу кантип сүйлөшүү керек? Маектешүү учурунда эмнелер жөнүндө кеп кылбоо керек? Сиздин педагогуңуз ата-энелер жана потенциалдуу кардарлар менен сүйлөшүп жаткан мезгилде эмнелерди айтууга тийиш? Кандай реклама эң натыйжалуу? 

Ушулардын бардыгы жөнүндө Россиянын Екатеринбург шаарындагы Нооген мектебинин жетекчиси, машыктыруучу Мария Миркес айтып берет. Мария Москванын, Санкт-Птеребургдун, Екатеринбургдун, Новосибирскинин, Томскнын жана Россиянын башка шаарларынын балдар бакчалары жана мектептери үчүн тренингдерди өткөрөт. Эки күндүк тренингдин наркы – 7000 сом.


Суроолор төмөнкү телефондор боюнча: 51 09 27 же 66 03 84, 0772 800 376