Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин биринчи жыйналышы өтөт.

September 27, 2015, 06:00

28-сентябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин биринчи жыйналышы өтөт, анда мекендештердин уюмдарынын КРнын аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн маселелери талкууланат.

 

Кеңеш Кыргыз Республикасын ургаалдуу экономикалык, маданий жана социалдык өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекет менен мекендештердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо жана натыйжалуу кызматташтыкты камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10- жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн.

 

Катышууга КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин, КР ТИМдин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Экономика министрлигинин, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КР Финансы министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле АКШдагы, Германиядагы, Түркиядагы, Россиядагы жана Казакстандагы мекендештердин бирикмелеринин өкүлдөрү чакырылган.

 

Мекендештертер менен байланыш боюнча кеңеш жөнүндө жобонун долбоору «Мекендештердин «Мекендештер» форумунун» веб-платформасында 2014-жылдын ичинде жана 2015-жылдын башталышында жигердүү талкууланды.

 

Маалымат үчүн:

 

2015-жылдын 29-апрелинде КР Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңешти түзүү жөнүндө» № 266 токтомун чыгарган. Мындай структураны түзүү зарылчылыгы жөнүндө чечим 2014-жылдын июлунда дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн келген «Мекендештер 2014: Кыргызстандын келечегине салым» экинчи форумунун катышуучуларына жарыя кылынган.

 

Кеңеш коомдук-консультациялык орган болуп саналат, ал чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо, алардын укуктарын жана таламдарын коргоо маселелери боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу жана даярдоо жагынан мекендештердин Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.