Музыка – элдин жан-дүйнөсү: татар музыкалык маданияты

September 22, 2015, 06:00


Музыка – элдин жан-дүйнөсү: татар музыкалык маданияты


2015-жылдын 26-сентябры (ишемби), 14.00

 

Кыргыз Улуттук консерваториясы (Жантөшев көчөсү, 115, Совет көчөсү менен кесилиште)

 

Кирүү акысыз


 

“Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду бардык шаардыктарды жана борбор шаарыбыздын меймандарын татар музыкалык маданияты жөнүндө концерт-презентацияга чакырат.

 

Татар обондорунун бардыгы болгону беш нотадан турат. Татар обондорунда кайсы ноталар жок?

 

Татардын муңдуу жана шаңдуу обондору ар кандай угуучуну көңүл кош калтырбайт, ал эми татарлардын бийлери демге дем кошот.

 

Татар музыкасын угуу, татар бийлерин үйрөнүү, ЮНЕСКОнун Материалдык эмес мурас тизмесине киргизилген Сабантуй майрамы жөнүндө билүү, татарлардын белгилүү чак-чагын ооз тийүү – ушулардын бардыгы биздин концертте бар.

 

Концерт ПРООНдун колдоосу менен өткөрүлөт.

 

Маалыматты төмөнкү телефондон алсаңыз болот: 66-03-82, 0772 800 376