Ачык билим берүү ресурстары (АБР) жөнүндө ачык сөз

September 20, 2015, 06:00

Кымбаттуу достор!

 

Бүгүн биз Сиздердин көңүлүңүздөргө АЧЫК БИЛИМ БЕРҮҮ РЕСУРСТАРЫ (АБР) дүйнөсүн сунуш кылабыз.

 

Ачык билим берүү кыймылы ар бир адам билим берүү ресурстарын пайдалануу, адаптациялоо, өркүндөтүү жана жайылтуу ЭРКИНДИГИНЕ ээ болууга тийиш деген ишенимге негизделет. Педагогдор, окуучулар, илимпоздор, жарандык активисттер жана ушул ишенимге кошулгандардын бардыгы окуу материалдарын, сабактардын пландарын, окуу китептерин, оюндарды, программалык камсыз кылууну жана окуп үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк бере турган башка материалдарды ачык лицензиялоо аркылуу билим берүүнү алда канча жеткиликтүү жана алда канча натыйжалуу кылуу үчүн бириет.

 

Бирок иштин баары бир көрүнгөндөй жөнөкөй эмес. Алгачкы көйгөйлөрдүн бири – бул АБР жөнүндө түшүнүк коомдук аң-сезимде жоктугу, билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын терең маалымдар эместиги, алар ачык билим берүүнүн артыкчылыгын же билбейт, же түшүнбөйт. Педагогдордун көпчүлүгү ачык окуу материалдарынын өсүп бараткан фонддору жөнүндө билбейт, ачык билим берүү ресурстарын лицензиялоо ыкмаларындагы айырмачылыктар АБРдин мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө авторлордун түшүнбөстүгүнө алып келүүдө.

 

Тескерисинче АБР билим берүүнү алда канча жеткиликтүү кылууга, өзгөчө окуу материалдарына каражаттар аз болгон кырдаалдарда жеткиликтүү кылууга жардам берет.

 

Төмөндөгү шилтеме боюнча Сиз төмөнкүдөй суроолорго жоопторду таба аласыз: “АБР деген эмне?”, “Ал эмне үчүн керек?”, “Дүйнөдөгү ири АБР?” жана башкалар: https://newtonew.com/discussions/oer-faq-resources