Бишкек шаарында инновациялык билим берүү технологияларын алга илгерилетүүдө Россиянын тажрыйбасы боюнча ачык лекция өтөт

September 17, 2015, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Сорос-Кыргызстан» Фонду менен өнөктөштүктө бардык каалоочуларды «Инновациялык билим берүү технологияларын алга илгерилетүүдө Россиянын тажрыйбасы» ачык лекциясына чакырууга куштар.

 

Чакырылган лектор: Уваров А. Ю., педагогикалык илимдердин доктору, Москва педагогикалык мамлекеттик университетинин проректору, ЮНЕСКОнун Билим берүүдөгү маалыматтык технологиялар боюнча институтунун эл аралык эксперти.

 

Д-р Уваров «Билим берүүнү маалыматташтыруунун комплекстүү модели: мугалим – мектеп – муниципалитет – регион» илимий-практикалык иштеп чыгуусу (2009-жыл) үчүн Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Билим берүү жагынан сыйлыгынын лауреаты, Федералдык билим берүүнү өнүктүрүү институтунун (ФИРО) башкы илимий кызматкери, Education Impact эл аралык кесиптик өнөктөштүгүнүн анык мүчөсү, «Образовательная политика» журналынын редакциялык коллегиясынын мүчөсү, Федералдык билим берүүнү өнүктүрүү институтунун жана Москва шаардык педагогикалык университетинин окумуштуулар кеңешинин мүчөсү, ошондой эле «Билим берүүдөгү өнөктөштүк» (Microsoft) жана «Келечек үчүн окутуу» (Intel) эл аралык билим берүү программаларынын эксперти болуп саналат.

 

Лекциянын алкагында д-р Уваров билим берүүдөгү инновациялар жагынан өзүнүн илимий тажрыйбасы менен бөлүшөт жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган Россиядагы демилгелер жана, атап айтканда, ЮНЕСКО ИИТО саясаты жөнүндө айтып берет.

 

Лекция 2015-жылдын 23-сентябрында 09.00дөн 11.00гө чейин И. Раззаков атындагы КМТУнун Кыргыз-Корей маалыматтык жеткиликтүүлүк борборунда өтөт, 2/331-аудитория, дареги: Тынчтык проспекти, 66.

 

Төмөнкүдөй телефон боюнча катталган учурда кирүү акысыз: (312) 660382 же емэйл tulegenovab@gmail.com Бегаим Тулегенова.

 

Лекцияны өткөрүү тили – орус.