Пресс-релиз “Discover Asia” демилгесинин алкагындагы VI жолугушуу тууралуу

October 29, 2012, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду КР Корея Республикасынын элчилиги менен биргеликте “Discover Asia” демилгесинин алкагында кезектеги 6-жолугушууну өткөрөт. Бул жолу “Экономикалык өнүгүүнүн түштүккореялык тажрыйбасы жана жашыл өсүү” темасы талкууга алынат. 

Жолугушуу 31- октябрда 18 00 төмөнкү дарек менен өтөт: Бишкек ш. Элебаев көчөсү 60, “Золотой Дракон” рестораны) 

Жолугушууда эксперттер катары Кореянын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Чан Гю Ким мырза, Сеулдан келген жашыл экономика боюнча түштүк кореялык эксперт, КР Экономика министринин орун басары Тен Любовь Ивановна, ЮНИСОН дук фондунун жетекчиси Нурзат Абдрасулова, КРдагы Samsung өкүлчүлүгүнүн расмий өкүлү Шаршекеев Марат Дүйшөбаевич, КРдагы ПРООН эксперттери жана башка адистер катышат. 

Маалымат үчүн-. Discover Asia — “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ маалымат-агартуучу демилгеси. Мында Азиянын ар бир өлкөсү эксперттер, соода-экономикалык атташе, бизнесмендер, өкмөт чөйрөсүнүң өкүлдөрү аркылуу тааныштырылат. 

2020-жылга Корея алдынкы мамлекетке айланып, азиаттыкк экономикадагы негизги бөлүк болууну көздөйт. Бул максатка жетүү үчүн Кореянын өкмөтү өнүгүүнү башына “Жашыл өсүү” концепциясын койгон. “Жашыл өсүүнүн” же “Жашы экономиканын”саясаты айлана чөйрөнү коргоого болгон инвестицияларды стимулдаштыруу багытталган, бул өз кезегинде экономикалык өсүүнүн булагы болуп калат. Жашыл, азкөмүртектүү экономикалык өсүүнүн стратегиясы дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн актуалдуу багыты болуп эсептелет. Кыргызстан ушул тажрыйбаны өздоштүрүү жолунда турат. 

Кошумча маалымат үчүн долбоордун координатору Алтынай Бегалиевага кайрылса болот. тел: 901956, 0554-979714, же электрондук дарекке:: office@roza.kg.