«Вокалдык көркөм өнөр дүйнөсүндө»

January 29, 2013, 06:00

2013-жылдын 31-январында Кыргыз Улуттук Консерваториясынын чоң концерттик залында Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучулары үчүн «Вокалдык көркөм өнөр дүйнөсүндө» аттуу кайрымдуулук концерти өтөт. Ушуга чейин «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, Бишкек шаардык Мериясы, Кыргыз Улуттук Консерваториясы жана «Арыш», «Эраим» фонддорунун «Музыка менен бирге» долбоорунун алкагында өткөргөн концерттеринин катарында аталган иш чара жетинчиси болуп саналат. Концерттин башталышы – 15:00 

«Музыка менен бирге» музыкалык билим берүүчү кайрымдуулук долбоорунун максаты – кийинки муундун өкүлдөрүнүн эстетикалык тарбиялоо, дүйнөлүк жана улуттук классикалык музыка менен тааныштыруу жана жаш таланттарды таанытуу. Бул концерт угармандарды вокалдык көркөм-өнөр искусствосу жана жанрлар менен тааныштырганга жол ачат. В. А. Моцарт жана Дж. Пуччини операларынан ариялар жана дуэттер, И. Кальман оперетталарынан ариялар, А. Каччини, Э. Куртис, К. Молдобасанов, А. Жаныбеков, М. Бегалиевтердин романстары жана ырлары жаңырат. 

Ар кылымда сонун укмуштуу композиторлор-классиктер жаралып келет, бирок бир гана аткаруучу музыканы жагымдуу мыкты чыгарып, бизди автордун чыгармасындагы жан дүйнөсүнөн жаралган ааламга жетелеп бара алат. Адам баласы ар дайым обон созуп келген, ырларында кайгы муң менен кубанычты билдирип, эмгектин чыңалышына же көңүлдүн жайкап турушун кошумча берип туруу үчүн. Кыргызстанда алгачкы обончулар деп акындарды жана ырчыларды санашкан, Европа өлкөлөрүндө болсо менестрельдер жана трубадурлар болгон. 

Жаш угармандар концерттен XVI кылымда жаралган опера – сюжеттик театралдык спектакль, өзүнө соло, ансамбль жана ырдоочулар тобун, ырчылардын драматургиялык оюндарын жана симфониялык оркесторду айкалыштыраарын билип алышат. 

Алар бир нече конкурстардын лауреаттары-Элнура Самарбековадан сопрано, Данияр Мусаевдин баритон, А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын солисттери, Кыргыз Улуттук консерваториясынын бүтүрүүчүлөрүнүн аткарган чыгармаларын тындай алышат. Концерттин алып баруучусу Кыргыз Улуттук консерваториясынын студенти Глеб Ким. 

Балдардын көпчүлүгү жандуу вокалдык бельканто стилдеги аткарууга алгачкы ирет күбө боло алышат. Бельканто стили жумшактыкты, жеңил, кооз уккулуктуу, виртуоздук болуп айырмаланып турат. Жакшы операнын үндөрү-маданий байлык, бирок бул кесип көп жылды жана талыкпаган эмгекти талап кылат. 

“Вокалдык көркөм өнөр дүйнөсүндө” концертинде Бишкек шаардык мериясынын алдындагы симфониялык оркестор. Көркөм жетекчи – КР эл артисти Муратбек Бегалиев, башкы дирижер-КР эл артисти Александр Георгиев. 

Байланыш: 

  • “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду – тел. 660 382 
  • Кыргыз Улуттук консерваториясы – тел. 570225