«Бөбөк ыры» Республикалык алкактагы бөбөктөргө арналган кыргыз тилиндеги ырлардын кароо-сынагынын жобосу

February 18, 2013, 06:00


 

Жалпы жоболор


Бөбөк ырлары кичинекей кезинен баштап балдардын өнүгүү, тарбиялоо процесстеринин маанилүү бир бөлүгү болуп эсептелет. Психологдордун айтымы боюнча бөбөк ырларынын жеке өнүгүүгө, эстетикалык сезимдердин, жакшы нерселерге умтулуунун өнүгүүсүнө жардам берип балдардын ички дүйнөсүн гармониялаштырууга сыйкырдуу таасирин тийгизет, стресс жана капалануудан арылтат. Бөбөк ырлары аркылуу бөбөктөр айлана-чөйрө менен таанышып, жаңы түшүнүктөрдү өздөштүрүп келишет. Белгилуу болгондой, бөбөктөр, кичине балдардын психологиясына жана жашына туура келген ырларды көңүл буруп, кыялданып угушат. Тилекке каршы, учурда бөбөктөргө арналган ырлар кыргыз тилинде жетишсиз. Оюн же болбосо ритмикалык кыймылдар менен коштолчу ырлар дагы өтө аз. Мына ушундан улам, экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен уюшулган Эл аралык коомдук фонд Республикалык алкакта бөбөктөргө арналган ырлардын кароо-сынагын жарыялайт.


Кароо-сынактын максаты: Бөбөктөрдү руханий жактан азыктандырып, кыргыз тилин терең өздөштүрө турган, бөбөктөр үчүн кыргыз тилиндеги, заманбап репертуардагы ырларды чогултуу.


1.1. Милдеттер

Кароо-сынактын милдеттери: кичинекей аткаруучулардын чыгармачылыкка койгон кадамына жол ачуу; чыгармаларды жаратуу, балдар жана ата-энелерди бөбөктөр үчүн жазылган ырлар менен камсыз кылуу, бөбөктөр үчүн жазылган мыкты ырларды аудио, видео дисктерди жана китептерди чыгаруу аркылуу кеңири жайылтуу.

1.2. Өткөрүү жери жана мөөнөтү

Кароо-сынак Кыргыз Республикасынын баардык аймактарында өткөрүлөт.

1.3. Кароо-сынактын уюштуруучулары – Роза Отунбаеванын демилгеси Эл аралык коомдук фонду

1.4. Өнөктөштөр – КР Билим жана Илим Министрлиги, КР Маданият,Маалымат жана Туризм министрлиги, КР Улуттук Жазуучулардын бирикмеси, Композиторлордун бирикмеси, КТРКнын балдар редакциясы, «Байчечекей» балдар журналы.

1.5. Кароо-сынактын өткөрүү шарттары жободо белгиленген .


2. Кароо-сынактын уюштуруу жана өткөрүү шарттары

2.1. Кароо-сынак композиторлор, акындар, чыгармачыл адамдар, таланттуу мугалимдер, тарбиячылар, балдар жана ата-энелер, авторлор тобу арасында өткөрүлөт.


2.2. Кароо-сынак 3 этапта өткөрүлөт:


  • I Кыргыз Республикасынын жети областында, Бишкек жана Ош шаарларында өтүнүчтөрдү чогултуу жана тандоо турларын өткөрүү: Ар бир областтан жана аталган шаарлардан эң мыкты 3-4 бөбөк ырлары.
  • II Бишкекте жыйынтыктоочу кароо-сынагынын өткөрүлүшү.
  • III Жыйынтыктоочу гала-концертте эң мыкты ырлардын аткарылуусу



2.3. Эң мыкты ырлардын тандоосун ачык добуш аркылуу кароо-сынактын калыстар тобу өткөрөт.

2.4. Гран-при ээсин аныктоо алдына ала кароо-сынактын калыстар тобу тарабынан өткөрүлөт, акыркы чечим болсо ошондой эле калыстар тобу тарабынан добуш берүү аркылуу алынат.

2.5. Кароо-сынактын жеңүүчүлөрү: 30 эң мыкты ырлардын авторлору диплом жана баалуу белектерге ээ болушат.

«Бөбөк ыры» кароо-сынагынын гран-присинин ээси өзгөчө сыйлык менен сыйланат.

2.6. Кароо-сынактын өткөрүү мөөнөтү:


  • Өтүнүчтөрдү кабыл алуу – 2013 жылдын январь айында башталат
  • Өтүнүчтөрдү кабыл алуунун токтотулушу- 2013 жылдын 15-майы
  • Региондордо кароо-сынактын өткөрүлүшү – 2013 жылдын 1-августуна чейин
  • Эң мыкты ырлардын аныкталуусу – 2013 жылдын 10-сентябрына чейин
  • Аткаруучуларды тандоо жана аранжировка – 2013 жылдын 20-сентябрына чейин
  • «Бөбөк ырынын» жыйынтыктоочу гала-концерти, жеңүүчүлөр жана гран-принин ээлерине сыйлыктарды тапшыруу – 2013 жылдын 15-декабрына чейин.
  • Жыйынтыктоочу гала-концерт КТРКдан 2013 жылдын 31-декабрына чейин көрсөтүлөт.



2.7. Катышуучулар убакыт боюнча кароо-сынактын калыстар тобуна бир экземплярда аткарылуучу ырлардын сөздөрүн, музыкасын, ноталарын, минусовкаларын, СD-дисктерин өткөрүп берүүсү керек. Мындан тышкары калыстар тобунун алдында алдын ала угуудан өтүш керек.

2.8. Калыстар тобу катышуучулардын аткарууларын музыкалык ырлар жана оюн кыймылдары менен коштолгон өнүктүрүү ырлар номинациялары боюнча баалайт.


Гран-при (композитордук чеберчилик жана тексттин мазмуну);



  • “Эң мыкты ыр” – 1- орун
  • “Жакшы ыр” – 2-орун
  • “Жагымдуу ыр” - 3-орун
  • “Эң мыкты композитор” - 1-орун
  • “Мыкты композитор” - 2-орун
  • “Керемет композитор” - 3-орун
  • Көрүүчүлөрдүн кулуна толгон ыр (эң мыкты аткаруучу).



Артыкчылык автордук жана жаңы ырларга берилет. Баардык номинацияларда теманын актуалдуулугу жана артистизм эсепке алынат.


2.9. Ырлардын тематикасы



  • бешик ыры;
  • адабий оодаруулар;
  • калптар;
  • эликтөө ырлары;
  • соороткон ырлар;
  • санак ырлары;
  • күлдүргөн ырлар;
  • топотушки;
  • туурап тамашалаган ырлар;
  • ритмикалык оюндар менен коштолгон оюн ырлары;
  • эркелетүү ырлары;
  • таанып билүүчү, акыл-эсти өстүрүүчү ырлар;
  • ырым-жырым ырлары.



2.10. 3 жаштан 8 жашка чейинки балдар катыша алышат.


2.11. Төмөнкү адамдар кароо-сынакка катыша алышпайт:


  • катышуучу ырдын автору болбосо жана кароо-сынакка ырдын ээси болбой туруп чыгарманы аткарса
  • кароо-сынактын уюштуруу комитетинин мүчөлөрү
  • кароо- сынактын калыстар тобунун мүчөлөрү
  • өтүнүчтөрдү белгиленген кабыл алуу мөөнөтүнөн кийин тапшырган адамдар



2.12. Эгер плагиат фактылары кароо-сынактын калыстар тобу тарабынан аныкталса катышуучунун өтүнүчү калыстар тобу чечиминде каралбайт жана катышуудан чыгарылат.

2.13. Жеке адамдар, уюмдар кароо-сынактын жеңүүчүлөрү үчүн өзгөчө белектерди аныктап бере алышат жана аларды алдына ала калыстар тобу менен макулдашып сыйлык берүү процессинде тапшыра алышат



3. Кароо сынактын катышуучуларына коюлуучу талаптар


  • Мелодиялуулук
  • Акыл эсти өстүрүүчү жана таанып билүүчү маалымат менен коштолгон
  • Бөбөктөрдүн жаш жана психологиялык өзгөчөлүктөрүн эсепке алган
  • Ар бир автордун аткаруусу эки ырдан ашпаш керек
  • Оюн коштолгон, ырлардын тексти 10 саптан кем болбошу керек
  • обондуу ырлардын көлөмү 4 мүнөттөн ашпоосу керек
  • ырлардын ноталары болушу керек
  • ырлар MD (минидиск) , CD (компактдиск)те кабыл алынат.
  • Жыйынтыктоочу кароо сынакта ырды жандуу үн менен аткарууга даяр болушу керек (музыкалык фон, минусовка колдонууга болбойт)



Кароо сынактын тандоо турларынын Кыргыз Республикасында өткөрүү графиги


Областтын аталышыӨткөрүү убактысы жана жериЧогултуу жана тандоо турун өткөрүү жери


Областтарда Тандоо турунун өткөрүүсүнө жооптуулар 


1Чүй областы

18 июнь 2013 ж.

саат 10:00

Чүй районунун маданият боюнча бөлүмү

 КР Маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин өзгөчө өкүлү Турусбекова Сабира Темирбековна: (0 3138) 6-35-46;

координатор, Аламудун райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Ашымбаева Токтокан Абасовна: (0773) 301;

Роза Отунбаева Демилгеси Фондунун эксперти Бек Жылдыз


2Талас областы

15 июнь 2013 ж.

саат 10:00

Талас районунун маданият боюнча бөлүмү

КР Маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин өзгөчө өкүлү ЭстебесовКубанАязбекович: (0550) 36-15-70;

Таластык билим жана методикалык борборунун мүдүрү ТилекматовТабылдыКасымбекович: (0550) 19-80-37;

Роза Отунбаева Демилгесиси Фондунун эксперти Бек Жылдыз


3Ысыккол областы

26 июнь 2013 ж.

саат 10:00

Каракол шаарынын маданият боюнча бөлүмү 

КР Маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин өзгөчө өкүлү Асанов Алик Асанович: (0555) 66-17-93;

Областтык билим берүү институтунун мүдүрү Урумов Жениш Букараевич: (0770) 00-16-77;

Роза Отунбаева Демилгеси Фондунун эксперти Бек Жылдыз


4Нарын областы 

24 июнь 2013 ж.

саат 10:00


Нарын шаарынын райондук маданият боюнча бөлүмү КР Маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин өзгөчө өкүлү НурманбетовСадыркулНурманбетович: (0772) 46-18-93;

Нарын областы катчылыгынын мүдүрү МамытовКасымбекНиязалиевич: (0555) 09-60-23;

Роза Отунбаева Демилгеси Фондунун эксперти Бек Жылдыз


5Ош областы

3 июнь 2013 ж.

саат 10:00

Ош шаарынын № 1 музыкалык мектеби

КР Маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин өзгөчө өкүлү АшировОрозбайСулейманович;

Ош областтык мугалимдерди өнүктүрүү институтунун мүдүрү Муратов Абдыкерим Аттокурович: (0777) 81-17-30;

Роза Отунбаева Демилгеси Фондунун эксперти Бек Жылдыз


6Джалал-Абад областы

6 июнь 2013ж.

саат 10:00

Джалал-Абад шаардык маданият боюнча бөлүмү

КР Маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин өзгөчө өкүлү Козукеев Рахматулла;

АсылбековаСалтанатАмановна: (0779) 44-99-28;

Ош областтык мугалимдерди өнүктүрүү институтунун мүдүрү

ТоктосуновАкылбекАдышевич: (0772) 82-02-59 


7Баткен областы

8 июнь 2013ж.

саат 10:00 

Баткен районунун маданият бөлүмү

КР Маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин өзгөчө өкүлү Ходжаева АйсулууБусурмановна: (0772) 11-68-62;

Баткен областтык методикалык билим берүү борборунун мүдүрү Айжигитова Мейриниса Абдрашитовна: (0779) 14-40-66;

Роза Отунбаева Демилгеси Фондунун эксперти Бек Жылдыз


8Бишкек ш.

28 июнь 2013ж.

саат 10:00  

Шубин атындагы балдар музыкалык мектеби

 КР Маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин өзгөчө өкүлү Абдуллаев АдылжанАбдуллаевич: (0550) 03-45-83;

Бишкек шаары мэриясынын билим берүү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси ТагаеваГульмираАмираевна: (0312) 61-39-72;

Роза Отунбаева Демилгеси Фондунун эксперти Бек Жылдыз


9Ош ш

3 июнь 2013 ж.

саат 10:00

№ 1 балдар музыкалык мектеби 

КР Маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин өзгөчө өкүлү Аширов Орозбай Сулейманович: (03222) 2-48-12;

№1 балдар музыкалык мектебинин мүдүрү Эшбаева Инаят;

Ош шаарынын билим берүү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Машрапова Гульайым Эгемназаровна: (0773) 98-49-56;

Роза Отунбаева Демилгеси Фондунун эксперти Бек Жылдыз




4. Калыстар тобунун мүчөлөрү: искусствонун эмгек сиңирген ишмерлери,белгилуу акындар, мугалимдер, тарбиячылар, эл акындары, артисттер жана композиторлор, импровизаторлор, ММК өкүлдөрү


5.   Калыстар тобу сынакка катышкан ырларды 10 баллдык система менен баалашат.


6. Байланыш телефону: (0312) 66-03-86 – Суюндук уулу Данияр

e-maIl: offIce@roza.kg



«Бөбөк ыры» балдар жана балдар жөнүндө кыргыз тилинде ырлар боюнча
Республикалык кароо сынактын уюштуруу комитети


Жетекчи    Роза Отунбаева

1. Раев С. А. КР маданият, маалымат жана туризм министри. 

2. Кендирбаева Д. Ш. КР билим берүү жана илим министринин орун басары 

3. Обозова Т. Ж. КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тарыхый жана маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү боюнча жетекчилигинин башчысы

4. Усеналиев М. Д. КР билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектеп жана мектеп тышкары билим берүү боюнча жетекчиликтин башчысы 

5. Аскарова Ч. КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин негизги адиси 

6. Койчукулова Жибек Роза Отунбаева Демилгеси Эл аралык Коомдук Фондунун өкүлү

7. Суюндук уулу Данияр Роза Отунбаева Демилгеси Эл аралык Коомдук Фондунун өкүлү 

8. Акаева Ж. Д. Роза Отунбаева Демилгеси Эл аралык Коомдук Фондунун эксперти, КР Улуттук жазуучулар биримдигинин жооптуу катчысы 

9. Чылпакова С. М. «Сейтек» балдар борборунун мүдүрү 

10. Аманбаев И. А. Абдраев атындагы Республикалык музыкалык орто интернат-мектебинин мүдүрү

11. Аманова К. «Келечек» балдар телевизиондук программасынын продюсери


«Бөбөк ыры»балдар жана балдар жөнүндө кыргыз тилинде ырлар боюнча Республикалык
кароо-сынактын  
калыстар тобунун мучөлөрү

Ф.И.О.Маалымат
1

Асанбеков Нурлан Аскарович     

башкы режиссер, Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик орус драматикалык театрынын мүдүрү
2Кожогул КултегинМаданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, КР Улуттук Жазуучулар Бирикмесинин мүчөсү
3Чопиев ТурдубекКомпозиторлор бирикмесинин башчысы
4Самудинов Токтосун

КР эл акыны, «Байчечекей» балдар журналынын башкы редактору, балдар жазуучусу

5Асаналиев БайтемирБалдар жазуучусу, акын, «Байчечекей» балдар журналынын жооптуу катчысы
6Рысбаев Сулайманбалдар жазуучусу, КАО тилдер кафедрасынын жетекчиси, педагогикалык илимдердин доктору
7Мурат БегалиевУлуттук консерваториянын ректору
8Жумалиев Сардарбек

  Кыргыз Республикасынын эл артисти (Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы)

9Чалабаев Эгемберди Бахапович   Жаш көрүүчүлөр театрынын мүдүрү
10Сартбаева Кайыргуль Сартбаевна  СССР эл артисти
11Саламат Садыкова Кыргыз республикасынын эл артисти
12Сейдахматова Жамал Кыргыз республикасынын эл артисти
13Шайлообек ДуйшеевКыргыз республикасынын эл акыны
14Курмангазы Азыкбаев «Энесай» тобунун көркөм жетекчиси
15Кайрат Иманалиев

 КТРК Башкы мүдүрү

16Нишанов Нурлан Комузчу
17Садыбакасова ГулшайырОш областтык филармониянын мүдүрү , «Кыз-Бурак» ансамблинин жетекчиси
18Аманбаев Исирадин Абдилашимович   Абдраев атындагы Республикалык музыкалык орто интернат-мектебинин мүдүрү
19Эсенгулова ГульмираХормейстер, «Ак Шоола» балдар ансамблинин жетекчиси
20Маматаипова Айзада Маматаиповна

 Бишкек шаарынын №7 музыкалык мектебинин мүдүрү, Бишкек шаарынын маданият боюнча башкармалыгынын музыкалык мектептердин мүдүрүлөрү кеңешинин башчысы

21Джолдошбекова Мырзагуль Бакасовна

  №52 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

22Аманова Кундуз «Келечек» балдар телевизиондук программасынын продюсери
23Молдоева Батма№5 мектебинин музыка мугилими