“Эртең жаз!” кайрымдуулук концерти болуп өтөт

February 27, 2013, 06:00

2013 жылдын 28-февралында К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын чоң залында Бишкек шарынын орто мектептеринин окуучулары үчүн “Эртең жаз! Жыл мезгилдери музыка искуствосунда” концерти болуп өтөт. “Музыка менен биргеликте” циклнин сегизинчи жолку концерт-лекциясы “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду, Бишкек шаардык Мэрия, Консерватория жана “Арыш”, “Эрайым” фонддору тарабынан уюштурулуп жатат. Концерттин башталышы саат 15.00 

Жаратылыштын өзү «Эртең – жаз!» лекциянын концертинин темасынын аныкталышына түрткү берди. Жаш угармандар жаратылыштын өзгөрүүсү, анын кооздугу, ар кандай түстөрү композиторлорду канааттандырып, акын жана сүрөтчүлөрдүн жаңы чыгармаларды жаратуусуна түрткү болот экендигине күбөө болушат. Ошол эле учурда, бул музыкалык пейзаж, үн менен жанган: жазгы шамал, күзгү жамгыр, жайкы күндүн үп болуп турушу жана кыштын кычыраган суугу, жаныбарлардын жана канаттуулардын музыкалык элестери экендигин түшүнүшөт. 

Концерт жаштарды жылдын сыйкыр туңгуюгуна арналган ар кыл чыгармалар менен таныштырат. Токтогул Сатылгановдун, ошондой эле Антонио Вивальдинин (Италия), Иоганна Штраустун (Австрия), Кара Караевдин (Азербайджан), Лероя Андерсендин (США), Алмас Серкебаевдин (Казахстан) ж.б. чыгармалары жаңырат. Александр Пушкиндин, Алыкула Осмоновдун, Майрамкан Абылкасымованын ырлары окулат. 

Концертти «Манас» Президенттик камералык оркестр коштойт. Оркестрдин Көркөм жетекчиси, башкы дерижеру жана солисти – КР эмгек сиңирген артисти Эрнис Асаналиев. Ошондой эле концерттик программага Улуттук Консерваториянын бүтүрүүчүсу, А. Малдыбаев атындагы опера балет театрынын солисти Тилек Найманбаев, консерваториянын студенти Андрей Балим жана искусствотаануунун кандидаты Екатерина Лузанова (алып баруучу) катышышат. 

“Музыка менен биргеликте” кайрымдуулук музыкалык-билим берүүчү долбоордун негизги максаты жаңы муундун угуучуларына эстетикалык тарбия берүү, дүйнөлүк жана улуттук музыкалык классика менен тааныштыруу, жаш таланттарды алып чыгаруу болуп эсептелет. 

“Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду – тел. 660382 моб. 0772 800376 

К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы – тел. 570225