«ТазаБиш» эко - акциясы

April 2, 2015, 06:00

2015-жылдын 4-апрелинде «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында «ТазаБИШ» акциясы өтөт.

 

«ТазаБИШ» (Таза Бишкек) иш-чарасы 10:00дө Жаштар сейил багынын аймагында Жибек-Жолу/Жаш Гвардия дареги боюнча «Зеленстрой», «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын жана Бишкек шаарынын Мэриясынын алдындагы Коомдук координациялык кеңештин техникалык колдоосу аркасында студенттик жана коомдук экологиялык уюмдардын жана кыймылдардын катышуусу менен өтөт.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын Мэриясы менен бирдикте акцияны уюштуруучу болуп саналат.

 

Бул акциянын максаты Бишкектин экологиялык көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу, тыштан карап туруучунун эмес, шаардыктардын арасында экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясын калыптандыруу.

 

Акциянын алкагында жалбырактар менен куураган чырпыктар өз-өзүнчө чогултулат жана компост үчүн «Зеленстрой» муниципалдык ишканасына берилет. «Агропромхолдинг» ЖЧКнын колдоосу менен полиэтилен жана пластик калдыктар кайра иштетүүгө ташылып чыгат, ал эми калган калдыктарды «Тазалык» муниципалдык ишканасы ташып кетет.

http://festival.roza.kg/