«Кыргызстандын жапайы жаратылышы» темасына балдар сүрөттөрүнүн конкурсу

April 4, 2015, 06:00

Германиянын эл аралык кызматташтык боюнча коому (GIZ) 2015-жылдын 20-мартынан 20-майына чейин балдар сүрөттөрүнүн «Борбордук Азиянын жапайы жаратылышы» конкурстук он-лайн-көргөзмөсүн өткөрүү жөнүндө жарыялайт.


Конкурстук көргөзмө Борбордук Азиянын жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу боюнча GIZ’дин региондук программасы жана Германиянын өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүндө ишке ашырылуучу «Борбордук Азияда мектепте билим берүү системасын реформалоо» программасы турмушка ашыруучу Европалык Союздун «Токойлорду жана биологиялык ар түрдүүлүктү башкаруу, анын ичинде курчап турган чөйрөнүн мониторинги (FLERMONECA)» долбоорунун алкагында Кыргызстанда, Казакстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда жана Түркмөнстанда өтөт. Кыргызстанда, Казакстанда жана Тажикстанда Билим берүү жана илим министрликтери конкурстук он-лайн-көргөзмөнүн негизги өнөктөрү болот.


Ар бир өлкө үчүн конкурстук он-лайн-көргөзмөнүн тематикасы ажыратылган:

• «Казакстандын жапайы жаратылышы»;

• «Кыргызстандын жапайы жаратылышы»;

• «Тажикстандын жапайы жаратылышы»;

• «Түркмөнстандын жапайы жаратылышы»;

• «Өзбекстандын жапайы жаратылышы»;

 

Билдирилген темага ылайык, сүрөттө Борбордук Азиянын жапайы жаратылышынын ландшафттары, бизди курчап турган дүйнө: өрөөндөр, жайыттар, токойлор, табигый чөйрөдө жашаган жапайы жаныбарлар чагылдырылууга тийиш.


Балдар сүрөттөрүнүн конкурстук он-лайн-көргөзмөсүнө эки курактык категориядагы: 12-14 жаштагы жана 15-17 жаштагы мектеп окуучулары катыша алат.


Көргөзмөгө катышуу үчүн өз ишиңерди ар бир өлкө үчүн өзүнчө көрсөтүлгөн даректер боюнча жөнөтүү керек. Сүрөттөр келип түшүшүнө жараша алар фотого тартылат жана жалпыга тааныштыруу үчүн уюштуруучулар тарабынан flermoneca.org сайтына (Түркмөнстандан жана Өзбекстандан катышуучулар үчүн) жана facebook’та flermoneca бетинде (Казакстандан, Кыргызстандан жана Тажикстандан катышуучулар үчүн) жайгаштырылат.


Конкурска иштерди кабыл алуу 20-майда аяктайт. Жыйынтыктарды чыгаруу жана жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу 2015-жылдын 1-июнунда – Балдарды коргоо күнүндө өтөт. Ар бир курактык категорияда ар бир өлкө үчүн үчтөн жеңүүчү аныкталат.


Сүрөттөрдү жасалгалоого талаптар:

Иштер А3 жана А4 форматындагы баракта төмөнкүдөй ыкма менен аткарылышы мүмкүн:

• түстүү карандаш;

• фломастер;

• боек.

 

Ар бир иштин арткы бетинде төмөнкүлөр окулгудай, басылма тамгалары менен көрсөтүлүүгө тийиш:

• Сүрөттүн аталышы;

• Автордун аты, фамилиясы толук, байланышуу маалыматтары;

• Автордун курагы.

 

Конкурстук иштерди баалоо критерийлери:

• конкурстун темасын ачып берүү;

• идеялардын жана аткаруу техникасынын оригиналдуулугу;

• чыгармачыл мамиле;

• көркөм чеберчилик. 

 

«Сүрөт конкурсуна» деген белгиси бар сүрөттөрдүн түп нускаларын 2015-жылдын 20-майына чейин төмөнкүдөй дарек боюнча жөнөтүү керек:

Кыргызстан: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 96, 7-кв., тел. +996 312 909342 (104), e-mail:nr-info@giz.kg

http://www.flermoneca.org/60