«Өз күчүбүз менен жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун бардык жаңылыктарын эми социалдык тармактардан да билүүгө болот

April 2, 2015, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Өз күчүбүз менен жайлоодогу балдар бакчалары» деген аталыштагы долбоору 2014-жылы башталган.

 

Кыргызстанда 0 - 7 жаш курактагы 870 миң бала бар, бул өлкөнүн калкынын төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Алардын ичинен 14%ы гана балдар бакчаларына барат жана булар негизинен республиканын ири шаарларында жашаган балдар. Ал эми айылдык балдарда, чабандардын балдарында мектепке чейинки билим алууга жана комплекстүү өнүгүүгө мүмкүнчүлүк жок, анткени бул үчүн эң зарыл шарттар жок – тоолордо свет жок, балдар бакчалары жок, оюн аянтчалары жок, китептер, оюнчуктар жана компьютерлер жок жана эң башкысы, даярдалган тарбиячылар жок.

 

Айылдагы үй-бүлөлөр, эреже катары, көп балалуу экендигинин маанилүү факторун да белгилеп кетүү керек. Мында эптеп күн көрүүгө караганда, балдарды тарбиялоого аз көңүл бөлүнөт. Өлкөнүн айылдык региондорундагы жаш ата-энелер өз балдарын жана карыган ата-энелерин таштап, акча табуу үчүн коңшу өлкөлөргө кетип жатат.

 

Ошентип, Кыргызстандын жетүүгө кыйын болгон тоолуу участокторунда жашаган балдар билим алууга карата жеткиликтүүлүктүн бирдей эместигинин көйгөйүнө бала чагынан эле кабылат, бул коомдун андан ары катмарланышына, билим албаган балдардын саны көбөйүшүнө алып келет.

 

Ушул долбоордун максаты – бул калктын аялуу категорияларына – мектепке чейинки билим берүүгө чабандардын балдарына бирдей жеткиликтүүлүк шарттарды түзүү.

 

Жайлоодогу балдар бакчасы – бул мектепке чейинки билим берүү жагынан балдарга базалык билим берүү үчүн бардык зарыл нерселер менен жабдылган кыргыздын боз үйү. Ар бир «бакчада» 1 тарбиячы иштейт.

 

Жайлоодогу балдар бакчалары 2 жаштан 7 жашка чейинки курактагы балдарга эсептелген. Бирок бакчаларга зор кызыгуудан улам, 2014-жылы аларга 14 жашка чейинки балдар да барды.

 

Жайлоодогу балдар бакчалары Кыргыз Республикасынын бардык 7 облусунда ачылган.

 

 

Эми «Өз күчүбүз менен жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун бардык жаңылыктарын билүү жеңил болуп калды!

 

Социалдык тармактарда долбоордун беттерине жазылгыла жана дайыма окуяларды билип, көйгөйлөрдү талкуулап жана өз сунуштарыңарды бере аласыңар:

           Facebook       

           Twitter         

    Youtube канал